23
Сентябрь
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун бүгүн, 23-сентябрда, брифингде берген маалыматы – текст
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 23-сентябрда, Өкмөт үйүнүн пресс-борборундагы брифингде кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, тоо-кен өнөр жай тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, авиакаттамдардын ишке кириши тууралуу маалымат берди.
Өкмөт башчынын брифингиндеги маалыматынын текстти:
Брифинг
23-сентябрь 2020-жыл
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Бүгүнкү брифингди жакшы маанай менен баштайын деп турам. Бүгүн тил майрамы. Улутубуз үчүн улуу майрам. Мамлекеттин негизги символдорунун бири – бул тил. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети кабыл алган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамы ошол мезгилдин эң чоӊ жеӊиши болгон.
Совет доорунда 1929-жылы Биринчи Конституцияда кабыл алынган мамлекеттик тил статусу – кийинчерээк репрессия маалында, тагыраак айтканда, 1937-жылкы Конституцияда кыргыз тилин колдонууну тарыткан жоболор менен алмаштырылган.
Кыргыздын алгачкы интеллигенциясы ушул жылдары мамлекеттин өз алдынчалыгын сактап калуунун курмандыктары болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ошондо да, чейрек кылымдан ашык тилибиз болуп көрбөгөндөй кысымда болсо дагы, биз тилибизди, наркыбызды сактап кала алдык.
Тил – улуттун иденттүүлүгүн тастыктаган негизги белгиси. Мамлекеттик тил мыйзамы – кыргыз тилинин мамлекеттик статусун бекемдеген укуктук-ченемдик акт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – Өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири.
Тил мыйзамынын 2-беренеси боюнча Өкмөт тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү. Бул багытта жана мамлекеттик тилди санариптештирүүнүн алкагында Өкмөт тарабынан жарандардын тилди билүү деңгээлин аныктай турган Кыргызтест системасы түзүлүп, мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген бардык кызматкерлер сынактан өтүүдө.
Аларга кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө шарт түзүү максатында “Тил-тест” вебпорталы иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 20 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тестирлөөдөн өттү. Тил мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан шарттар түзүлүп, иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат.
Азыркы учурда 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелип чыкты. Кол коюу стадиясында турат.
Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен куттуктайм.
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Мурунку брифингдерде өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө, анын ичинен курулуш, айыл чарбасы сыяктуу тармактардагы аткарылып жаткан иштер туурасында маалыматтарды бергем. Өзүңүздөр байкагандай, ар бир брифингде тармак-тармак боюнча кыскача маалыматтарды берип жатабыз.
Бүгүнкү брифингде Сиздерге – өлкөнүн ички дүң продукциясынын салмактуу бөлүгүн ээлеп турган өнөр жай тармагындагы абал боюнча маалымат берейин деп турам.
2020-жылдын 8 айында өнөр жай тармагында 205 млрд 626 млн сомго продукция өндүрүлдү (100,1%), Кумтөрдү эсепке албаганда көлөм 88 млрд 317,2 млн сомду түздү. Ал эми физикалык көлөмдүн индекси 90,4% ды түздү.
2020-жылдын 8 айында өнөр жай өндүрүшүнүн ичинен: негизги металлдар жана даяр металл буюмдарын өндүрүү (тагыраак айтканда алтын өндүрүү) 11,6 %га өстү (машиналарды, жабдууларды кошпогондо).
Тоо кен тармагы боюнча айтсам. Өкмөттүн инвесторлор менен биргелешкен аракеттерибиздин аркасында тоо кен тармагы пандемия маалында үзгүлтүксүз иштеди. Ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 13 735 кг тазаланган алтын өндүрүлдү: өсүш + 110,1%. Бул тармакта өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн «Кумтөр» жана «Алтынкен» ишканаларынын көлөмү көрсөтөт.
Тоо кен тармагынан түшкөн салыктар боюнча айтсак. 2020-жылы 8 айда бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн 10 885 753,3 миң сом түштү, 83,7%, ал эми 2019-жылы 1 жыл ичинде 12 999 254,4 миң сом түшкөн.
Мунун ичинен: - Кумтөрдөн дүң киреше салыгынан 2020-ж. 8 айында – 6 133 424,6 миң сом түштү, 81,2%. - Алтын өндүргөн компаниялардан киреше салыгынан – 1 729 285,5 миң сом, 210,1 %.
Учурда ири тоо кен ишканалары санитардык жана карантиндик стандарттарга ылайык үзгүлтүксүз иштеп жатышат.
2020-жылы төмөнкү долбоорлорду ишке киргизүү пландаштырылган: 1. Жерүй кениндеги алтын өндүрүү фабрикасы. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат. Расмий ишке киргизүүнү 2020-жылдын IV кварталынын башында пландаштырып жатабыз. Буюрса, баары даяр, жакында ачабыз. 2. Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде алтын өндүрүү фабриканын жана инфраструктуралык объектилердин курулушу башталды.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 12-сентябрда мен жогоруда аталган тоо-кен ишканасында болдум. Ал жерде 702 адам иштейт, алардын 96% жергиликтүү тургундар. Жыл сайын ишкана бюджетке салыктык чегерүүлөр түрүндө болжол менен 1 млрд сом которот. Ишкананын кубаттуулугу жылына 1 млн тонна руданы кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Учурда компания алтын өндүрүү фабрикасы жана калдык сактоочу жайдын (хвостохранилище) курулушуна даярдык көрүүдө.
- Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бардык экологиялык талаптардын сакталышы катуу көзөмөлдө турат.
- Биз инвесторлорго айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо боюнча катуу талаптарды коюп келебиз.
- Биздин өлкөдө иштөө үчүн – биз койгон негизги шарттар аткарылууга тийиш.
- Ошондой эле, жергиликтүү калк менен ачык жана түз диалогду куруу боюнча иштерди күчөтөбүз.
- Эл бул ишкана бардык техникалык жана экологиялык талаптарга жооп берерин билиши абдан маанилүү.
Урматтуу мекендештер!
Кийинки сөзүмдө элибиз өтө көп кайрылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерге токтолсом деп турам. Анын ичинен электрондук кызмат көрсөтүүлөр жаатында аткарылып жаткан иштерге токтолоюн.
2020-жылы коронавирус пандемиясынын шарттары дүйнөдө санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн тез өнүгүүсүнө жол ачты, айрыкча дүйнө элинин санариптик технологияларды тезирээк үйрөнүп, көбүрөөк колдонуусуна түрткү болду. А бул – заманбап жашоонун чындыгы, бул – адистердин санариптик компетенциясы, бул – дүйнө коомчулугунун, мамлекеттердин, адамдардын жана бизнестин өнүгүүсүндөгү башкы каражат экендиги тастыкталды.
Атактуу дүйнөлүк экономисттер коронавирус экономиканы санариптештирүүнү 10 эсеге тездетти деп баса белгилеп жатышат.
Өзүңүздөр билесиздер, Президенттин жарлыгына ылайык, «Санарип Кыргызстан – 2019-2023» Концепциясын ишке ашыруунун алкагында “Түндүк” ведомстволор аралык системасы иштеп баштаган. Анда тейлөөчү 631 электрондук сервис иштейт. Сан менен айтсак, 2020-жылдын ичинде 79 ведомствонун ортосунда 37,8 млн маалымат алмашуулар жүргөн, ал эми мамлекеттин бизнеске карата маалыматтары боюнча 49,2 млн транзакция жасалган.
2020-жылдагы жакшы жаңылык – быйыл электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн мамлекеттик порталынын модернизацияланган жаңы версиясы ишке киргизилди.
Буга чейин 191 мамлекеттик кызмат заявка деңгээлинде турган. Жаңы Порталда 2020-жылдан тартып 51 мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүү ишке ашырылды: 46сы – толук автоматташтырылды! 4 кызмат кѳрсѳтүү 14 мамлекеттик органдан табыштама берүү боюнча ишке ашырылат.
Менин колумда ушул 51 мамлекеттик кызматтын тизмеси турат – толук автоматташтырылган. Айта кетейин: Кыймылсыз мүлкүңүз барбы жокпу? Машинаңызга салык төлөгөнсүзбү же төлөй элексизби? Машинаңызга кандайдыр бир айып пулдар, же аресттин бар же жок экендигин билсеңиз болот. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгансызбы – жокпу? Малыңыз барбы-жокпу? Малыңыз идентификациядан өткөнбү же жокпу сыяктуу маалыматтарды дароо билесиз.
Паспорт, туулгандыгы, нике, каза болгондугу ж.б. ар кандай күбөлүктөр, Чернобылга, Баткен окуяларына катышкандыгы боюнча маалым каттар, пенсиялардын көлөмү, жөлөкпулдар, сүйүнчү пул боюнча маалыматты ж.б. ушул сыяктуу маалыматтарды жана кызматтарды толук автоматташтырылган түрдө ала аласыз.
Порталды өлкө аймагынын сырткары жүргөн жарандар дагы пайдалана алат, аларга да жеткиликтүү. Дагы башка маалыматтарды билгиңиз келсе, жеке кабинет ачсаңыз андан да жакшы. Ал үчүн электрондук кол тамга же 2017-жылдагы ID-паспорттун болуусу абзел.
Ал үчүн жарандарга өлкөнүн бардык аймагындагы Калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле биздин чет өлкөлөрдөгү консулдуктарыбызда акысыз берилет. Учурда 20 миң электрондук кол тамганы акысыз берүү иши башталды.
Урматтуу мекендештер!
Элдин ишенимине ээ болушу үчүн көп аракеттер керек. Улуттук статистика комитети тарабынан дайыма чыгарылып туруучу калктын ишеним индекси көрсөткүчүндө 2020-жылдын ичинде 3 органга болгон элдин ишеними жогорулады: Ички иштер органдарына болгон элдин ишеними өткөн жылы 15,1 балл болсо, быйыл 40,8 баллга көтөрүлдү; Саламаттык сактоо уюмдарына өткөн жылы 17 балл берилсе, быйыл 36,7 баллга жогорулады; Айыл чарбасындагы органдарга өткөн жылы 24,9 балл берилсе, быйыл элдин ишеничи 33,5 баллга чыкты.
Элибиз ар бир органдын кандай иштеп жаткандыгын көрүп турат. Иштеп жаткан адамды эч качан иштеген жок деп айтпайт. Эл калыс.
Өзүңүздөр билесиздер, 17-сентябрда Коопсуздук кеңеште Коррупцияга маселеси каралды. Президент баса белгилегендей, коррупция менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу – коомдун бардык чөйрөсүнө санариптештирүүнү киргизүү.
Порталда адам фактору жана коррупциялык аракеттер толук жокко чыгарылды. Дал ушул автоматташтырылган кызмат көрсөтүүлөрдө мамлекеттик кызматчылар ал процесске катышпайт. Алардын ордуна мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары иштейт.
Сиздердин убактыңыздарды жана каражатыңыздарды сезилерлик үнөмдөөгө жардам берүү үчүн Өкмөт бардык аракеттерди жасап жатат.
Мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруунун саны дагы көбөйтүлөт.
Урматтуу мекендештер!
Кийинки сөз – адаттагыдай эпидемиологиялык кырдаалга токтолсом. Дүйнөдө: бул илдетке 31,3 млн адам чалдыкты, 21,5 млн адам айыкты, 965 миң адам каза болду. Айрым мамлекеттерде кайрадан ооруга чалдыккандардын саны көбөйө баштагандыгы айтылып жатат. Бизде азырынча кудай сактасын, абал туруктуу.
23-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирустун 45 630 учуру катталды, а.и.: 41 904 жаран оорудан айыкты, 1063 адам каза болду. Бирок өткөн жумадагы сандарды карап көрсөк, 47 адамдан 91 адамга чейин жаңы учур катталды. Аймактар боюнча жаңы учурлардын катталышын карап көрсөк, Баткенде абал начар, Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда ооруга чалдыккандар көбүрөөк болууда.
23-сентябрга карата 539 адам стационарда дарыланып жатат, 1677 адам амбулатордук дарыланууда. Ошондуктан дагы да болсо баарыңыздарды санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактап, социалдык дистанцияны кармоого чакырам.
Сасык тумоодон же грипптен жана Covid-19 оорунун күчөп, оор абалга туш келген учурларын басаңдатуу максатында Өкмөт эл ичинде төмөнкүдөй алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.
Биринчиден, эл ичинде профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча План иштелип чыгып, график түзүлгөн. Кадимки сасык тумоо, курч респиратордук вирустук ооруларга каршы вакциналарды сатып алуу иштери 3 этапка бөлүнгөн: 1-этап: 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин 119 643 доза вакцина сатып алынып келди. Бүт райондорго бөлүштүрүлүп жөнөтүлдү. Эмдөө иштери башталды. 1-этаптын вакциналарынын каражаттары республикалык бюджеттен мурда эле каралып, бөлүнгөн.
2-этап: 715 миң доза вакцина сатып алуу үчүн жарыяланган тендердин документтери 21-сентябрда ачылды. Буюрса, октябрдын башында келет. Октябрь-ноябрь ичи эмдөө иштери жүрөт. 2-этапта сатылып алынуучу вакциналардын каражаты республикалык бюджеттин эсебинен бөлүндү.
3-этап: 1-ноябрга чейин 70 миң доза гриппке каршы вакцина ЮНИСЕФтин гранттык каражаттарынын эсебинен сатылып алынат. Эмдөө иштери, буюрса, ноябрдын аягында бүткөрүлөт.
Эмдөө иштеринде: биринчиден – тобокел топтору: сасык тумоо менен көп ооруган балдар, медкызматкерлер, 65 жаштан ашкан улгайган кишилер эмделет; экинчиден – Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмесинде катталган калктын социалдык аярлуу катмары: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эмделет.
Республиканын бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Муктаждыгына жараша мобилдик группалар ишке тартылат.
Мындан тышкары эгерде тийиштүү шарттары бар болсо, айрым жеке саламаттык сактоо уюмдарына эмдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берип жатабыз: Бишкекте 10 жеке медициналык борборго; Ошто 6 жеке медициналык борборго; Жалал-Абад, Баткен, Таласка – Цадмир жеке медборбордун филиалына, Нарынга Бонецкий лабораториясынын филиалына уруксаттар берилди.
Булардан тышкары саламаттык сактоо уюмдарынын курулуш иштеринин бардыгы активдүү фазада жүрүп жатат. Бүткөнүнө жараша ооруканалар тиешелүү медициналык жабдуулар, аппараттар, эмеректер менен жабдылып жатат.
Жеке коргонуучу каражаттардын запасы толукталууда, көлөмү боюнча күнүгө маалыматтар алынып турат. Дары-дармектердин абдан көп керек болорун билдик, ошондуктан ар күнү аларга мониторинг жүргүзүлүп жатат. Дарыгерлердин жетишсиздигин, айрыкча пульмонолог, инфекционист врачтар, капельница куюучу мед сестралар кыска курстардан окутулуп, кайрадан даярдыктардан өткөрүлүүдө.
Урматтуу мекендештер!
Башкысы – баарыбыз коронавирус кандай оору экендигин башыбыздан өткөрдүк, симптомдорун билдик, дарылоо протоколдору такталды, дарылоону эмнеден баштоо керектигин үйрөндүк.
Баарыбыз социалдык дистанция, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо, өзүн-өзү изоляциялоо керектиги өтө маанилүү экендигин эсибизден чыгарбайлы!
Урматтуу мекендештер!
Эң көп кайрылуулар авиа каттамдардын жандандырылуусу боюнча келип жатат. Өткөндөгү брифингде 32 өлкөгө каттамдарды ачууга маакулдуктар берилди. Анын ичинен өтө көп суралган.
21-сентябрдан баштап Россия менен 2 авиакаттам жандандырылды: Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына 1 жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар дайыма «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан жума (пятница) күнү учат. Москва-Бишкек-Москва каттамы да жумасына 1 жолу (пятница) болуп жатат.
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы авиациялык келишимдерге ылайык, эки өлкөнүн үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап кайра жаңыланды. Алматы-Бишкек-Алматы каттамды жумасына 2 жолу ишемби жана жекшемби күндөрү учуп баштайт.
Түркия менен 10-августтан тартып бир нече ресйтер учуп жатат: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты б-ча жумасына 2 жолу. Ал эми Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча: “Түрк аба жолдору” компаниясы б-ча жумасына 4 жолу; “Пегасус” авиакомпаниясы тарабынан жумасына 4 жолу. Бишкек-Анталия-Бишкек багыты б-ча жумасына 1 жолу. Анталия-Бишкек-Анталия багыты жумасына 1 жолу.
Бириккен Араб Эмираттары менен: Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 3 жолу, Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча жумасына 1 жолу болуп жатат.
Ички рейстер: Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап, жумасына 1 жолу - шейшемби күнү учуп баштады. Бишкек–Жалал-Абад–Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 18-сентябрынан баштап, жумасына 1 жолу - жума күнү учат. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдардын ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз.
Урматтуу мекендештер!
Учурда шайлоо өнөктүгүндө үгүттөө иштери кызуу жүрүп жатат. Президентибиз баса белгилегендей, өтө күчтүү атаандаштыкта жүрүп жатат. Кыргызстан ачык мамлекет.
Сөзүм куру болбос үчүн, Дүйнөлүк сөз эркиндиги рейтинги боюнча көрсөткүчтөрдү карасак. Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 82-орунда турабыз. Бул маалымат интернет айдыңында ачык болгондуктан, өнөктөш өлкөлөрдөгү абалды көрөлү. Россия – 149-орунда, Казакстан – 156, Өзбекстан – 157, Тажикстан – 161, Беларусия – 153-орунда турат.
Бул маалыматтар Кыргызстанда сөз эркиндигинин канчалык активдүү жана эркин экендигин тастыктап турат.
Дагы бир эл аралык рейтинг жөнүндө айтайын. Фридом хаус эл аралык уюму тарабынан жүргүзүлгөн Шайлоо процесстери жана плюрализм боюнча рейтинг. Кыргызстан – 167 мамлекеттин ичинен 86-орунда турабыз. Бардыгы салыштыруу менен көрүнөт. Бул рейтинг боюнча: Россия – 132-орунда, Казакстан – 145-орунда, Өзбекстан – 149, Тажикстан – 150-орунда турат.
Демек, биздин мамлекет – Кыргызстаныбыз – демократиялуу ачык мамлекет. Ага элибиздин эрки күчтүүлүгүнөн жеттик. Азыркы таптагы өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн бирден-бир шарты – коомубуздагы туруктуулук. Азыркы муун ушул эркиндикти, ушул туруктуулукту баалап-барктап, сактоого милдеттүүбүз. Эч кандай шайлоолор стабилдүүлүктү бузганга татыбайт! Аравандагы окуянын бардык күнөөлүүлөрү өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жазаланат.
Шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылам: Жарандык позициябызды туура кармап, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам. Айрыкча элдин ынтымагына доо кетирбегиле!
Ошол эле мезгилде - беткап тагынуу, - социалдык аралыкты сактоо жана - көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу – санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. Бул жоопкерсиздик катары каралат. Үгүт иштеринде саясий партияларды катуу жоопкерчиликте болууга чакырам.
Мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан бийик турат.