21
Июнь
2020
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Өзбекстан Өкмөтүнүн башчысы Абдулла Ариповдун телефондук сүйлөшүүсү болду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Абдулла Арипов Кубатбек Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.