15

Ноябрь

2014

Жоомарт Оторбаев айыл чарба, азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр-жайынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Куттуктоонун тексти:  

«Урматтуу айыл чарба, азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр-жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм жана тандап алган кесиптин өтөсүнө эмгекчилдик аркылуу чыгып, ошол эле учурда тууган жерди аздектегендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Быйылкы жылы жаратылыш шарты бизди дагы бир ирет сыноого салды. Бирок сиздердин кесипкөйлүккө, туруктуулукка, жоопкерчиликке жана ырааттуу эмгегиңиздерге жараша биздин республикада түшүм жыйноодо жаман эмес көрсөткүчтөр орун алды.

Биздин калктын дээрлик жарымынан көбү айыл жергесинде айыл чарба, мал чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенип жашайт. Учурда агрардык тармак кыргыз экономикасынын негизи болуп саналат жана жүздөгөн дыйкандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн иш менен камсыздайт.

Урматтуу айыл чарба, азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр-жайынын кызматкерлери, ишкана жана талааларда эмгектенүү менен катар сиздер биздин экономиканы өнүктүрүүгө маанилүү салым кошуудасыздар. Акыркы жылдары сиздердин күчүңүздөр менен прогрессивдүү технологиялар ишке киргизилип, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугу жогорулатылууда. Буга жараша жалпы Кыргызстандын жашоочулары жогорку сапаттуу тамак-аш продуктулары менен камсыздалууда. Натыйжада, сиздер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, айыл чарба продукциясын чет өлкөгө, өзгөчө, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына экспорттоо көлөмүн жогорулатууга көмөк көрсөтүүдөсүздөр.

Айыл жумушу дайыма эң кыйын тармак болуп саналып келген. Бул тармакта духу күчтүү, жоопкер адамдар иштейт, дал ошол жарандардын эмгегинен айрым топ адамдардын эмес, жалпы кыргызстандыктардын бакубаттуулугу көзкаранды болуп эсептелет.

Ушул күнү бардыгыңыздарга чың ден-соолук, тынчтык жана ынтымак, ийгиликтерди, ошондой эле жагымдуу аба-ырайын, ага катар бай түшүмгө, дегеле агрардык тармактын өнүгүүсүнө шарт түзүүчү бардык жакшылыктарды каалагым келет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К Оторбаев».