26

Октябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев автотранспорт жана жол чарбасы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Куттуктоо тексти:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын автотранспорт жана жол чарбасы кызматкерлери!

Автотранспорт жана жол чарбасы кызматкерлеринин кесиптик майрамы кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден чыккан куттуктообузду кабыл алыңыздар.

Автомобилдик транспорт жана жол тармагы өлкө ишмердүүлүгүндөгү маанилүү курам болуп саналып, ага жараша экономика жана социалдык инфраструктура тармагынын туруктуу өнүгүүсү камсыздалат. Буга байланыштуу транспорттук инфраструктураны жакшыртуу маселеси негизги саясый жана социалдык-экономикалык милдеттердин бири болуп саналат, аны чечүү маселеси Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун келечектүү багыттарында белгиленген.

Жол чарбасынын иши – бул күнүмдүк негиздеги куруу жана оңдо иштеринин аткарылышы жана жолдордун сапаттуу жана тийиштүү абалда кармалышы.

Автомобилдик транспорттун заманбап өнүгүү ыкчамдыгы тармак алдында жаңы милдеттерди коюуда, алардын ийгиликтүү чечилиши негизинен сиздердин кесипкөйлүктөн, жоопкерчиликтен жана өз ишине карата берилгендиктен көзкаранды.

Ушул майрам күнү өз жаштык курагын сүйүктүү кесибине арнаган, республиканын автожол комплексинин өнүгүүсүнө теңдешсиз салым кошкон тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет.

Чын дилден тармак ардагерлерине жана кызматкерлерине чың ден-соолук, бакыт, ошондой эле сиздердин татаал, бирок сыймыктуу ишиңиздердеги ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксаат этиңиздер!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                         Жоомарт Оторбаев