08
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ишкердүүлүк субьектилеринин милиционерлер тараптан текшерилүүсүнө тыюу салууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевге милиция кызматкерлерине ишкердүүлүк субьектилерин, бизнес жана соода өкүлдөрүн текшерүүсүнө тыюу салууну тапшырды. Мындан тышкары тапшырма аркылуу милиционерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурлардан тышкары, ишкерлерден ар-кандай уруксаат жана финансылык документтерди, патенттерди, квитанцияларды талап кылууга тыюу салуу сунушталат.
Өкмөт башчы жарандарга жана бизнес-коомчулукка жогорудагы тыюу салуулар тууралуу маалыматты жеткирүү максатында Ички иштер министрлигине ЖМК аркылуу кеңири түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри М.Турганбаевдин тийиштүү буйругуна кол коюлуп, ал аткарууга киргизилген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү