22
Октябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары менен жолугушту
Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ардактуу консулдар менен жолугушууда белгилегендей, эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан ички жана тышкы саясатта түп-тамырынан берки өзгөрүүлөргө жетишип, мамлекеттин тышкы саясый ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери жана келечектүү багыттары иштелип чыкты. Бул тармактагы маанилүү нерсе катары коомдун ачыктыгына жетишүү болуп саналат.
“Биз чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдар институтун Кыргызстандын аброюн дүйнөгө жайылтуунун маанилүү булагы катары карайбыз. Биз биргеликте эл аралык аренада республиканын улуттук кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана демократиялык жана рыноктук реформаларды ишке ашыруу максатында жагымдуу абалды камсыздообуз керек”, — деди Жоомарт Оторбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Ардактуу консулдардын көңүлүн инвестицияларды тартууга, Кыргызстан жана элчилер иштеп жаткан өлкөлөр аралык соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык өз-ара аракеттешүүнү орнотуу жана аны өнүктүрүүгө карай активдүү көмөктөшүүсүнө бурду.
“Учурда Кыргызстан жана башка мамлекеттер аралык түзүлгөн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жогорку деңгээлге көтөрүлүүсү тийиш. Бүгүнкү күндө Кыргызстан инвестициялардын келишин, жаңы илимди жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны күтүүдө. Ардактуу консулдардын көңүл чордонунда, албетте, сиздер ишмердүүлүк жүргүзгөн мамлекеттердеги биздин жарандар жана компаниялардын кызыкчылыктарын жана укугун коргоо маселеси да турушу керек», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл Кыргызстанды оңдуу жагынан алып чыгуу, анын туристтик мүмкүндүктөрүн, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясый, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр тууралуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жарандарга маалымдоо жолу аркылуу жайылтуу маселесине бурулду.
«Кыргызстан мындан ары карай да чет жердеги Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары менен ырааттуу иш алып барат, бул өз кезегинде Өкмөткө консулдар жайгашкан мамлекеттерде натыйжалуу иш жүргүзүүсүнө шарт түзөт»,- деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.
Жолугушууга Казакстандагы, Корея республикасындагы, Нидерланды, Россия, Түркия, Япониядагы Ардактуу консулдар катышты.
Маалымдама:
Кыргызстан дүйнөнүн 100 ашуун мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды түзгөн. Алардын көбү менен эки тараптуу, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдар алкагындагы активдүү жана өз-ара пайдалуу кызматташуу деңгээли түзүлгөн. Кыргызстан чет мамлекеттерде 25 Элчилик жана туруктуу өкүлчүлүктөрдү, 5 Башкы консулчулукту ачкан.
[su_carousel source="media: 44221,44222,44223,44224,44225,44226" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү