04

Ноябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 4-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз-ара кызыгууну туудурган жана Кыргызстандагы Ага Хандын өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкууга алды. Жоомарт Оторбаев жана ханзаада Карим Ага Хан социалдык, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Премьер-министр Кыргызстандагы саламаттык сактоо, билим берүү, экономика жаатындагы Ага Хандын өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгүнө жогорку баасын берип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар-тараптуу кызматташууну чыңдоого чоң маани берээрин белгиледи. Ага Хандын Кыргызстандагы өнүктүрүү тармагы өзүнө ишмердүүлүктүн ар-кыл аспектилерин камтыган кайталангыс модель болуп саналат, анын маанилүү багыттарынын бири – тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоого алуу программасын ишке ашыруу», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Өз кезегинде ханзаада Карим Ага Хан IV Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жигердүү жана натыйжалуу кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Ага Хандын Кыргызстандагы өнүктүрүү тармагы жана КР Өкмөтү ортосунда шериктештик мамилелерди өнүктүрүү үчүн кубаттуу негиз түзүлгөндүгүн билдирди. Андан соң дүйнөдөгү жана аймактагы геосаясый абалды талкуулоодо исмаилиттер лидери “Кыргызстанда экономика жаатында гана эмес, социалдык маселелер боюнча дагы ийгиликтер орун алып жаткандыгын” белгиледи. “Биз долбоорлорубуздун ишке ашырылышына кызыкдарбыз жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, кичи насыялоо, камсыздоо, маданият, туризм, банк иши, кичи бизнести жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында ишибизди улантабыз. Мындан тышкары, биз жаңы технологияларды киргизүүгө байланыштуу долбоорлорду карап чыгууга даярбыз», — деп кошумчалаган ханзаада Карим Ага Хан IV мамлекеттик жана жеке сектор аралык шериктештиктин натыйжалуулугун өзгөчө баса белгиледи. Ханзаада Карим Ага Хан Нарын шаарындагы аэропортту реконструкциялоодо кызматташуунун аталган үлгүсүн пайдаланууга карата кызыкдарлыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Карим Ага Хандын көңүлүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришине байланыштуу инвесторлор үчүн ачылып жаткан кеңири аянтчаларга бурду. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү маселесин талкуулоодо Премьер-министр билдиргендей, республика сервистик-багытталган экономиканы курууга кызыкдар экендигин билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын деңизге карата чыга турган жолу жок туруп, тышкы соода жүгүртүү көлөмү ИДП жогору турган дүйнөдөгү беш өлкөнүн катарына кирет. Жоомарт Оторбаев «Кыргызстанда саясый туруктуулук мезгили орноп, өлкө либералдык мыйзамдуулукка ээ болуп, бизнести жүргүзүү үчүн жана экономиканын ар-кыл тармактарына инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, коррупцияга каршы күрөш активдүү жүрүп жаткандыгын белгиледи. Андан соң жолугушуунун жүрүшүндө мамлекетти өнүктүрүүдөгү жарандык коомдун өзгөчө ролу белгиленди. «Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар ар-кыл жарандык институттар аркылуу өз пикирин билдирип, көйгөйлүү маселени чечүүгө катыша алат. Кыргызстандагы жарандык коом бийликти гана сынга албастан, келечектүү программаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө», - деди Жоомарт Оторбаев жана өлкөдөгү туруктуулукка терс таасирин тийгизген башаламан митингдердин жана башка деструктивдүү иш-аракеттердин саны кыскаргандыгын билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар билим берүү маселесин да талкууга алды. «Менин иш сапарымдын негизги максаты – Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин (БАУ) абалы менен таанышуу, андагы кампустун курулушунан тарта академиялык программанын ачылышы жана аны каржылоо маселесин чечүү алдыга коюлган. Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин академиялык программалары жергиликтүү коомчулуктун жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет деп ишенем», — деди ханзаада Карим Ага Хан IV. 2016-жылдын сентябрь айында БАУ бакалавриат программасы боюнча 30 адамдан турган алгачкы студенттерди кабыл алууну пландаштырууда.   Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин кампусунун курулушуна өзгөчө көңүл бурат жана 2016-жылы БАУ алдында Гуманитардык жана так илимдер мектеби, Өнүктүрүү мектеби жана Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби өз ишин баштаарына үмүттөнөт. Өкмөт башчы ага катар Ош шаарындагы Ага Хан мектеби 12 жылдан бери карай ийгиликтүү иш алып барып аткандыгын белгиледи. “Кыргызстандагы билим берүү программаларынын ар-түрдүүлүгүнө карабастан, Нарын шаарындагы Ага Хандын Кыргызстандагы өнүктүрүү тармагынын билим берүү долбоорунун ишке ашырылышы бизге билим берүүнүн сапатын арттырууга көмөк берет, ал өлкөнү өнүктүрүүнүн, анын экономикалык прогресске багыт алуусунун негизи болуп саналат», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Тараптар Борбор Азия университетинин ишмердүүлүгүн каржылоо мүмкүндүгүн талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү жана республиканын түндүк жана түштүгүн бириктирүүчү жолдун курулушу боюнча долбоор маселеси каралды. Жыйынтыгында тараптар мындан ары карай да ар-кыл тармактардагы кызматташууну тереңдетүүгө болгон ниеттерин билдиришти.

[su_carousel source="media: 45027,45028,45029,45030" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]