29
Май
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктоосунун тексти:
"Жолдош жоокерлер жана сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!
1992-жылдын 29-майында мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн фундаменталдуу негизи катары Куралдуу Күчтөрдү түзүү башталган.
Ушул тарыхый күндөн тартып Кыргыз Республикасы өзүнүн Куралдуу Күчтөрүнө ээ болгон. Азыркы кезде жыл сайын 29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү катары белгиленет.
Куралдуу Күчтөрдү түзүүнүн негизги максаты заманбап куралдар, аскердик техника менен жабдылган, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн жана эгемендигин коргоону натыйжалуу камсыз кылууга бийик тоолуу шарттарда аскердик аракеттерди жүргүзүү үчүн жөндөмдүү болгон, материалдык каражаттар менен камсыздалган компакттуу жана мобилдүү аскердик түзүлүштөрдү түзүү болуп эсептелет.
Өзүнүн өнүгүүсүнүн көптөгөн этаптарын басып өтүү менен республиканын Куралдуу Күчтөрү бүгүнкү күндө республиканын эгемендигинин жана Кыргызстандын элинин эң ишенимдүү гаранты болуп калды.
1999-2000-жылдарда республиканын түштүгүндө болгон аскердик аракеттердин жүрүшүндө биздин жоопкерлер жана офицерлер көрсөтүшкөн баатырдык, эрдик жана туруктуулукбуга ишенимдүү далил болуп калды. Биз өлкөнүн аскердик коопсуздугун өз алдыбызча камсыз кылууга жана мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоого жөндөмдүү экендигибизди далилдедик.
Бүгүн биз тынчтыкты жана өлкөнүн бакубаттыгын сактоочу жоокерлердин, каарман аталарыбыздын татыктуу мураскерлеринин майрамын белгилеп жатабыз. Силер – ата мекендин ишенимдүү коргоочусу, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендигинин гарантысыңар.
Силердин эмгегиңерге, бийик кесипкөйлүгүңөргө, эң мыкты аскердик чеберчилигиңерге ыраазычылык билдирем!
Силерди Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Силерге, силердин туугандарыңарга жана жакындарыңарга тынчтык жана бейпилдик, туруктуулук жана бакубаттык, кайраттуулук жана оптимизм, аскердик кызматыңарда жана ата мекен үчүн жасап жаткан ишиңерде ийгиликтердин мол болушун каалайм!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Т.А.Сариев"