17
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча курама командаларынын беттешин уюштуруудагы кемчиликтерди териштирүүнү тапшырды
Кечээ, 16-июнда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2018-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Австралия Союзунун курама командалары беттешти.
Беттеш жүрүшүндө, Кыргызстандын курама командасы татыктуу оюн көрсөтүп, стадиондо футболчулар үчүн сыймыктанууга шарт түзүштү. Бул оюндун жалпы кыргызстандыктарды биримдикке чакырууда мааниси чоң болду.
Тилекке каршы, оюнду уюштурууда айрым кемчиликтерге жол берилип, уюштуруучулар көрөрмандарды стадионго киргизүүдө жана кошумча орундуктар менен камсыз кылууну ойлонгон эмес. Мындан улам Кыргызстан жана Австралиянын футболдук беттешин көрүүнү каалап, билет алган бир катар күйөрмандар оюнду көрө албай калды.
Буга байланыштуу Премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министрлиги, Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясына түзүлгөн кырдаалдагы кемчиликтерди териштирүүнү жана мындай абалга жол берген бардык жетекчилер менен кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону тапшырды.
Ошондой эле Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясына мындай кырдаалдын кайталанбашы үчүн көрөрмандардын коопсуздугу жана стадиондун өткөрмө мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Учурда бул маселелер боюнча Премьер-министр Темир Сариевдин Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын жетекчилеринин жолугушуусу пландалып жатат.
[su_youtube url="https://youtu.be/i3yANBcW4b8" width="360" height="620"][su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=V882vU8kL5s" width="360" height="620"][/su_youtube]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү