17
Июнь
2015
Темир Сариев Грузиянын Премьер-министрине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду
Бүгүн, 16-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Грузиянын Премьер-министри Ираклий Гарибашвилиге Тблиси шаарындагы адам өмүрүн алган селге байланыштуу көңүл айтты.
Көңүл айтуу телеграммасында Темир Сариев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өзүнүн атынан табигый кырсыктан каза болгондун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандарга тезинен сакайып кетишин каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү