21

Ноябрь

2014

Кыргызстандын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Михаил Мясникович менен жолугушту

20-ноябрда, Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында өтүүчү КМШ Өкмөт башчылар кеңешине катышуу үчүн барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Михаил Мясникович менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстан мындан ары карай дагы эки тараптуу кыргыз-белорус кызматташуусун чыңдоого ниеттенет. “Тилекке каршы, биз кызматташуу үчүн колдогу мүмкүндүктөрдү пайдаланбай жатабыз жана 2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүнүн 28,1% кыскарышы буга далил болот. 2014-жылдын январь-июль айы үчүн товар жүгүртүүсү 60,5 млн АКШ долларын түздү жана бул көрсөткүчтөрдү жогорулатууга мүмкүндүктөр бар”, — деди Жоомарт Оторбаев. Жоомарт Оторбаев белорус тарапка Беларусь Республикасына тамеки, пахта, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уругун ташууга байланыштуу долбоорлорду жаңыртууну, Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын ташууну жөнгө салып жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады. Маектешүү учурунда тараптар Жогорку Евразиялык кеңеш жана КМШ алкагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу жөнүндө келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

[su_carousel source="media: 46019,46020,46021,46022,46023" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү