19

Январь

2016

Премьер-министр Кыргызстандын аймагындагы сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылгандарга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

Премьер-министр өлкө аймагын байырлаган жан-жаныбарларды сактоо ар бир жарандын милдети экендигин белгилеп, бул жаатта бардык жарандар биргеликте иш алып барышы керектигин билдирди.

Муну менен катар Премьер-министр Темир Сариев тиешелүү мамлекеттик органдарга сейрек кездешүүчү жаныбарларды атуу боюнча ишке көзөмөлдү күчөтүп, мыйзамдын чегинде жазалоону тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү