18
Сентябрь
Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Нарын областы боюнча жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы районуна барды.
Ат-Башы районунун административдик борбору болгон Ат-Башы айылында Жантөрө Сатыбалдиев «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун курулушу менен таанышты. Андан соң ал жер алдынан көтөрүлгөн суунун зонасында калган Арпа көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүн карап чыкты.
КР ӨКМ жетекчилиги белгилендей, Ат-Башы айылынын ар бири 1, 3 км узундукта болгон 3 көчөсү жер астындагы суунун көтөрүлүшүнөн суу баскан зонада калган. Болжолу менен 300 үй.
Өкмөт башчысы ар бир көчөгө жабык дренаждык тутумду бир маалда куруу мүмкүн эместигин белгилеп, КР ӨКМге жергиликтүү бийлик менен бирдикте эмдиги жылы суу көбүрөөк баскан Ат-Башы айылынын Арпа көчөсүндө дренаждык тутумду курууну тапшырды.
Жолугушуу убагында Ат-Башы районунун жашоочулары айылдыктарды көмүр менен камсыз кылуу маселесин көтөрүштү. Ошентип, жергиликтүү жашоочулар учурда көмүрдүн баасы 3500 сомдон сатыларын, ал эми суук түшсө анын баасы дагы 500-1000 сомго көтөрүлөрүн белгиледи. Мындай абал алыста жайгашкан райондун көпчүлүк жашоочуларына жакпайт.
Айылдыктарды угуп, Жантөрө Сатыбалдиев ар бир айыл өкмөтүндө калкка бекитилген жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн кышкыга жете тургандай көмүр топтогон отун базаларын түзүүнү тапшырды. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков бул багытта иш жүрүп жатканын жана бүгүнкү күнү 3500 сомдон жогору эмес баада көмүр сатуу үчүн област боюнча 62 отун базасы ачылганын маалымдады.
Андан кийин республиканын Премьер-министри Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектепке барды. Ал жерден бул мектеп бүтүндөй областтагы мектептердин кышка болгон даярдыгы менен кызыкты. Бул маселе боюнча Канатбек Муратбеков областтын бардык мектептери 100% кышка даяр экенин жана көмүрдүн запасы толугу менен алып келгендигин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү