18

Сентябрь

2012

Бүгүн, 18-сентябрда, өзүнүн Нарын областы боюнча жүрүп жактан жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ак-Талаа жана Нарын райондорунда жайгашкан бир катар объектилерге барды.

Ошентип, эртең менен Өкмөт башчысы Ак-Талаа районунун административдик борбору болгон Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектепке барды.

Мугалимдер курамы менен жолугушуу учурунда 1960-жылы салынган 4 корпустан турган мектептин бирөөсү туруксуз абалда болгондуктан 750 окучуу үч сменде окуп жактандыгы тууралуу белгилүү болду.

Мектептин корпустарын жана класстарды карап чыккандан кийин Жантөрө Сатыбалдиев мектептин туруксуз корпусун бузуп, долбоордук-сметалык документацияны даярдоону тапшырды. Бул имаратты курууга акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Баетов айылынын жашоочулары менен жолугушту. Ачык жана бетме-бет сүйлөшүү учурунда чогулган айылдын жашоочулары аларды тынчсыздандырып жаткан көйгөйлүү ойлору менен бөлүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн айтылган проблемалардын көбүн борбордон өлкө жетекчилерин күтпөстөн чечүү болоорун белгиледи. “Тиги же бул маселени чечүү үчүн республиканын Премьер-министринин областка же районго келүүсүн күтүүнүн кажети жок. Өзүңөр демилге көтөрүү керексиңер, ошондо көптөгөн маселелрди борбордун катышуусу жок эле чечсеңер болот. Бул жаатта райондук мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары аларга ишенип берилген аймакта, кызматка жаңы келгендигине байланыштуу ар кандай шылтоолорду айтпай, ишке чечкиндүү түрдө киришүүсү керек. Жергиликтүү жетекчилик калк менен тыгыз өз ара байланышта болбосо, райондун да, бүтүндөй областтын да өнүгүүсүн камсыздоо болбойт ”, — деди ал.

Андан кийин Жантөрө Сатыбалдиев ошол эле Баетов айылында жайгашкан Ак-Талаа территориалдык ооруканага барып, мекеменин медициналык персоналы менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда оорукананын кызматкерлери Өкмөт башчысынын көңүлүн кадрлардын жетишпеситигине, медициналык тез жардам унааларынын жетишээрлик эмес санына жана эскирип калган медициналык жабдуулар проблемаларына бурушту.

Премьер-министр медициналык кызматкерлерди кунт кою менен угуп, алардын суроолоруна жооп берди. Социалдык тармактагы бардык проблемалар учур-учуру менен республикалык бюджеттеги каражаттарга жараша чечилээрин белгиледи.

Кийин ал Нарын районундагы Куланак айылында жайгашкан “Нарын областныдагы жашылчаны туруктуу өстүрүү” Европалык Союздун долбоорунун алкагында тургузулган теплицанын иши менен таанышты.

Долбоордун консультанты Марима Аманкулова бул долбоордун алкагында Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунун 10 айылында 10 теплица жана 71 парник курулгандыгы жөнүндө баяндады.

Учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Нарын областына болгон иш сапары улантылууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү