25
Сентябрь
2012
Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шаньдун алтын өнөр-жай корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Дзяньхуа жетектеген кытай делегациясын кабыл алды.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Шаньдун алтын өнөр-жай корпорациясынын башчысы менен учурашып жатып, Кыргыз Өкмөтү ар дайым ири чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүгө жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.
Ван Дзяньхуа ал жетектеген корпорация өлкөнүн алтын өнөржай тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын баардык нормаларын сактоо менен инвестиция берүүгө даяр экендигин билдирди.
Мындан сырткары, Ж.Сатыбалдиев Ван Дзяньхуанын шайы өнүктүрүүдө бай тажрыйбасы бар экендигин белгилеп, биздин республикада шайы өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө инвестиция жумшоого чакырып кетти.
В.Дзяньхуа бул маселени терең изилдөө үчүн Кытайдан атайын адистердин тобун жиберээрин маалымдады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү