19
Сентябрь
Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жумушчу сапарынын акыркы күнү Нарын шаарында жайгашкан бир катар объектилерге барды.
Жантөрө Сатыбалдиев барган биринчи объект болуп 1952-жылы курулган Нарын областынын үй-бүлөө медициналык борборунун тез медициналык жардам бөлүмү болду.
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын сөзунө караганда оорукананын имараты учурда туруксуз абалда жана 3 миллион сом каражат керек болгон капиталдуу оңдоону талап кылат. 2 кабаттуу имараттын өзүндө 401,48 кв. м аянттан турган 23 бөлмө, 2 коридору бар.
Өлкөнүн Премьер-министри медициналык мекеменин процедуралык кабинеттерин карап чыгып, дежур врач менен сүйлөштү. Тез медициналык жардам бөлүмүн карап чыгып, Өкмөт башчы имаратты капиталдык оңдоо үчүн республикалык бюджеттен стимулдаштырылган грант түрүндө 2 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алды. Дагы 1 миллион сом жергиликтүү бийлик бөлүп берет. Андан башка Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы боюнча ушул күздө имараттын чатыры оңдолуп баштайт.
Андан кийин Жантөрө Сатыбалдиев Нарын шаарынын суу тазалагыч жайынын аймагына барды.
Нарын шаарындагы чогулган сууну тазалоочу жай 1966-жылы курулуп баштаган. Объекттин өзү регионалдык өзгөчөлүктөрдүн талаптарына жооп бербейт, олуттуу өндүрүш кемчиликтери менен курулган. Биологиялык тазалоо курулуштары жок. Чогулган суу механикалык тазалоодон гана өтөт. Бул шаарда чогулган суунун 22% гана түзөт. Калган бардык суу Нарын дарыясына барып куюлат.
Шаардын территориясынын кеңейиши менен тазалоочу жайлар конуш кварталдарынын жанында жайгашып калган, бул жагдай шаардыктардын санитардык коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул фактыларды эске алып, шаардын четинде алыстыгы 3,5 км. чакырымда жайгашкан “Интернат” участогуна жылдыруу маселеси чечилди. Бүгүнкү күнү жаңы тазалоочу жайларды куруу үчүн жана 3,5 км. чакырымдагы коллектордук түтүктөрдү орнотуу үчүн геодезиялык, геологиялык жана гидрогеологиялык инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүү абзел.
Нарын шаарынын жетекчилигинин сөзүнө караганда жаңы тазалоочу жайды куруу үчүн 328 млн. сом талап кылынат, анын 10 млн. сому эле – долбоорлук-сметалык документацияга сарпталат. «Бүгүнкү күнү республикалык бюджетте мындай каражат жок. Менин оюм боюнча бул сумма өтө жогору. Анын баасы мындай болбош керек. Болгон материалдардын баары кайрадан каралып чыксын, ошондо гана жаңы тазалоочу жайларды куруу жөнүндө акыркы чечим кабыл алынышы керек. Бул маселе чечилгенче, иштеп жаткан тазалоочу жайды жаңылатуу жана техникалык жактан жабдуу иштерин жүргүзүү керек», — деди Кыргызстандын Өкмөт башчысы.
Учурда Кыргыз Республикасынын Пемьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Нарын областынын жашоочулары жана активдери менен жолугушууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү