
Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Эл Аралык Валюта Фондусунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе, Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Рие Хираока жана Бүткүл Дүйнөлүк Банкттын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер менен Кыргыз Республикасындагы азыркы социалдык-экономикалык абалды жана бул институттар каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады.
Жолугушууну ачып жатып, Өкмөт башчысы өнөктөштөргө каржылык жардамы үчүн, ошондой эле өлкөнүн түштүгүн калыбына келтирүүдө биргелешкен аракеттер үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушууда Премьер-министр учурдагы экономикалык абал жөнүндөгү маселеге токтолду. Бюджеттин тартыштыгын кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берүү менен Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев иштеп жаткан программалардын алкагында эл аралык каржылоо институттарынын жардамы керектигин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкынын келечеги жөнүндө маселе талкууланды. Эл аралык институттардын өкүлдөрү бул институтту түзүү демилгеси Кыргызстандын мурунку Өкмөтүнө таандык экендигин, бирок, алардын ою боюнча бул банкты түзүүнүн эч кандай кажети жок экендигин белгилешти. Ошентсе да, Кыргызстандын Өкмөтүнүн өтүнүчүн аткарып, эл аралык каржылоо институттары өздөрүнүн сунуштарын жана кеңештерин берген.
Андан соң Өкмөт Башчысы айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Таза Суу” долбоорун улантуу жөнүндө маселени көтөрдү. Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Рие Хираока бул сыяктуу долбоорду ишке ашыруу керек экендиги менен макул болду. Бирок өткөн долбоордо кээ бир тартип бузууларга жол берилген. Бул долбоорду таза барактан баштоо керек, айыл калкын таза суу менен камсыз кылуунун жаңы мамилелерин жана моделдерин колдонуу менен, мурунку каталарга жол бербөө керек.
Жолугушуу Кыргызстандын тышкы карызын жоюу жана реструктуризациялоо маселесин талкуулоо менен уланды. «Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелердин баарын аткарып жатат. Ошентсе да, белгилүү кыйынчылыктар бар”, - деди Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, бул багытта өнөктөштөрдү жардамга чакыруу менен. Өнөктөштөр бул маселени изилдеп чыгууга убада беришти.
Жолугушуунун соңунда Премьер-министр конокторго Кыргызстанга берилип жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирүү менен, ал сүйлөшүүгө дайым ачык экендигин баса белгиледи. Ж. Сатыбалдиев Өкмөт менен эл аралык каржылоо институттарынын өз ара аракеттеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн октябрь айынын башында өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттерди Координациялоо кеңешинин кеңейтилген отурумун өткөрүүнү сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү