19
Сентябрь
Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Нарын областы боюнча жумушчу сапарынын алкагында күндүн экинчи жарымында Нарын областынын активи жана жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушунун башталышында Нарын областындагы бардык райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана Нарын шаарынын мэри жасалган иштер боюнча кыскача баяндама жасашты.
Жергиликтүү жетекчилердин баяндамаларын уккан соң Жантөрө Сатыбалдиев аларга сентябрь айынын аягына чейин кышка даярдык көрүү иштерин аяктоону тапшырды. «Сентябрь айынын аягына, октябрдын ортосуна чейин болгон бюджеттик мекемелерде, айыл өкмөттөрүнүн отун базаларында кышка жете турган көмүр запасы туруш керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн жана анын баасынын көтөрүлбөшү үчүн толук жооп беришет», - деди Өкмөт башчысы.
Өз сөзүндө Премьер-министр жергиликтүү бийлик жетекчилерин көйгөйлүү маселелерди создуктурбай өз убагында чечүү үчүн эл менен тыгыз байланышта болууга чакырды. «Азыр сиздер көтөрүп жаткан көпчүлүк маселелерди жеринде чечип койсо болот. Бирок көбүңөр “алма быш, оозума түш” дегенге көнө баштагансыңар. Бул туура эмес. Өлкөнүнү жетекчилигинин келишин күтүп жата бербей өз милдетиңерди так аткарууга үйрөнүшүңөр керек. Бир эле мисал: 2006-жылы Нарын шаарынын бюджети 36 миллион сом болчу, быйылкы жылы ал 197 миллион сомго жетти. Бирок, шаардын бюджети өскөнү менен каражаттын жетишпестигине шылтап, социалдык тармактагы маселелер чечилбеген бойдон калууда. Бул бюджет каражаттарын натыйжасыз пайдаланып жатканыңарды билдирет. Ушуга байланыштуу бардык деңгээлдеги жетекчилер бюджеттин аткарылышы жана каражаттардын максаттуу колдонушу үчүн жеке жоопкерчилик тартаарын эскертип коюшум зарыл», - деп белгиледи Ж.Сатыбалдиев.
Ошондой эле актив менен жолугушуу учурунда Нарын областына 46 жаңы трансформаторлор берилгени жана кыш мезгилинде электр жарыгын өчүрүүгө жол бербөө керектиги айтылды.
Жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып Жанторо Сатыбалдиев областтын жетекчилигине эки айдын ичинде ар бир айыл өкмөтүнүн, райондун жана ошондой эле Нарын областынын өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууну тапшыргандыгын билдирди. «Бул өнүктүрүү программасы кагаз бетинде кала тургандай эмес, реалдуу жана аткарыла турган болушу керек», - деп белгиледи Өкмөт башчысы.
Учурда КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып жатат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү