09
Ноябрь
Бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагында болду.
Премьер-министр менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар жаңы ооруканага муктаж экендиктерин, эски оорукана 1927-жылы курулганын жана учурдагы талаптарга жооп бербегенин айтышты. Азыркы учурда оорукана Кара-Кулжа районунун Алайкуу зонасындагы 3 айыл аймагынын тургундарын тейлейт. Оорукананы карап чыккандан кийин Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаевге 30 койка орундуу жаңы оорукананын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Кең профилдүү оорукананын баасы алдын ала эсептөө боюнча 50 млн. сомду түзөт.
Андан соң Премьер-министр КЭР менен чектелген «Кызыл-Жар» чек ара тозотунда барды. Чек арачылар менен болгон маектешүүдө Премьер-министр келерки жылдан баштап чек ара кызматына өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн белгиледи.
Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Алайкуулуктар менен жолугушуу учурунда Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан жакын арада бул регионго жеңилдетилген баа менен ун алып жеткирилээри тууралуу билдирди.
Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда эң көйгөлүү маселе болгон автоунаа жолун калыбына келтирүү тууралу сөз козголду. Ошондой эле жумушсуздук, пенсиялык системаны реформалоо, жаштарга жер участокторун берүү, жаңы мектептин курулушу, коммуникацияларды жакшыртуу, уюлдук байланыш менен айыл жерлерин камтуу маселелери талкууланды. Жарандар көпчүлүк кыргыз телеканалдары сигналдардын алсыздыгынан улам начар көрсөтөөрун айтышты. Сокуташ көмүр карьерин кайрадан иштетүү тууралу да маселе көңүл чордонунда болду.
Өкмөт башчысы айрым тоолу алыскы райондорго жардам берүү Өкмөттүн приоритеттүү милдети экендигине токтолуп, «Биз көтөрүлгөн проблемаларды чечүүнүн үстүнөн иштейбиз» деди.
Премьер-министр автоунаа жолун калыбына келтирүү маселеси боюнча айылдыктарды бир аз күтүүнү суранды, анткени жыл ичинде аталган жолду толугу менен оңдоо мүмкүн эмес экендигине токтолуп - «Жолду бөлүп-бөлүп курабыз. Биринчи кезекте айыл ичиндеги жолдорду асфальтайбыз» деди.
«2013-жылдын ортосуна чейин жолду калыбына келтирүүнү баштоо үчүн үч жол куруу техникасын бөлөбүз. Мындан тышкары тез медициналык жардам машинасы берилет. Жергиликтүү аэропорту калыбына келтирүү жана бир банктын филалын ачуу боюнча пландар бар. Банктын филалын ачуу бул өтө маанилүү, анткени келерки жылдан баштап айыл чарба өндүрүчүүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды бере баштайбыз. Ошондуктан дыйкандар аз убакыт коротуп насыя алуу үчүн, каржылоо-насыялоочу мекемелер жакын аралыкта болушу керек»- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Премьер-министр жергиликтүү бийлике көмүр карьерин калыбына келтирүү боюнча чара көрү тууралуу тапшырма берди. «Бул маселени чечүүдө колдон келген жардам беребиз» - деп Премьер- министр сөзүн жыйынтыктады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү