02
Октябрь
1-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ысы-Көл областындагы иш сапарынын алкагында Тоң районунда болду.
Премьер-министр Бөкөнбаев айылынын чет жакасындагы 102 гектар жерге калкты отурукташтыруу пунктун кеңейтүүнүн генералдык планы менен таанышты. Айыл тургундары менен болгон жолугушууда жерди трансформациялоого мораторий жарыялангандыктан айтылган генпландын ишке ашырылышы токтоп тургандыгын билдиришти. Премьер-министрге бул маселени чечип берүүсүн айыл калкы суранды, Өкмөт башчы бул маселе парламент тарабынан карала тургандыгы белгиледи.
Ошондой эле жолугушуу учурунда жергиликтүү жашоочулар Жантөрө Сатыбалдиевдин көңүлүн көмүр маселесине жана анын кымбат баасына бурушту. Учурда Тоң районунда көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон сатылууда. Айыл тургандарын угуп, Премьер-министр райондордун администрация башчыларына жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларына көмүр чогултулуп, калкка жеткиликтүү баада сатуу үчүн отун базаларын түзүүгө киришүү жөнүндө көрсөтмөлөрүн берди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна барган учурда Кыргызстандын Премьер-министри 12 километр чакырымдан турган Бөкөнбаев-Кароол-Дөнталаа жолун калыбына келтирүү долбоору менен таанныштырылды. Бул бет ачаардан кийин, Жантөрө Сатыбалдиев добоор Транспорт жана коммуникация министрлигинин астында ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө айтты.
Андан кийин Премьер-министр Оттук айылындагы 1966-жылы курулган Мукамбет Мамбетов атындагы мектептин абалы менен таанышты. Учурда мектепте 210 окуучунун ордуна 320 бала окуйт. Мектептин имараты авариялык абалда жана учурда жаңы мектептин салынуусу талап кылынат.
Андан соң Жантөрө Сатыбалдиев шаар тибиндеги Кажы-Сай поселогунун жана Улахол айыл башкармалыгынын проблемалуу маселелери менен таанышты. Эки айыл пунктунда тең селди буучу дамбаларды куруу зарыл. Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке ички ресурстарды жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен маселени чечүү жөнүндө тапшырма берди.
Тоң районундагы иш сапарында Премьер-министр Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектепти дагы барып көрдү. Ал мектеп 1936-жылы курулган жана 2 корпустан турат. Авариялык абалдагы ал мектепте талапка ылайык 350 окуучу окуй турган болсо, учурда 500 окуучу билим алат. Мектеп менен таанышып чыккандан кийин, Премьер-министр Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү М. Асанакуновго Финансы министрлиги менен биргеликте жаңы мектепти куруу боюнча каражатты бюджетке киргизүүнү тапшырды. Муну менен бирге мектептин курулуш иштеринин 50%ын жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү