02

Октябрь

2012

Бүгүн, 1-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көл областындагы иш сапарынын алкагында “Кумтөр” алтын кенине барды.

Жантөрө Сатыбалдиев алтын кендин таштанды төгүлүүчү борбордук карьерин жана валын көрдү. Андан ары Өкмөт башчы байытуучу жана алтын бөлүүчү фабриканын жумуш принциптери менен таанышып, “алтын бөлмөдө” болду. Мындан кийин улуу заттардын калдыктарын сактоочу жайдын жана Петров көлүнүн абалы менен таанышты. Көрсөтүлгөн обьекттерде Премьер-министрдин алтын кенди иштетүүдөгү суроолоруна бул багытта көп жылдардан бери тажырыйба алышкан, жогорку квалификациялуу адистер жооп беришти.

Алтын кенди иштетүү жумушу менен таанышып чыккандан кийин “Кумтор Оперейтинг Компани” команиясынын, “КыргызАлтын” ААКнын жетекчилери, ошондой эле адистештрилген министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу менен отурум өткөрдү.

Жантөрө Сатыбалдиев алтын кендеги абалды талкууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай ишканада иштеген жумушчулардын эмгегин коргоо, техникалык коопсуздук, экологиялык нормалар сыяктуу тиричилик аракеттерине өзгөчө көңүл бураарын белгиледи. “Алтын кендин бүгүнкү күн тартибиндеги маселелери “Кумтөр” боюнча иштеп жаткан мамлекеттик комиссияда чечилиши керек. Заманбап технологиялары алтын кендеги маселерди эффективдүү жана оперативдүү чечүү үчүн мүмкүнчүлүк берет ”- деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы тийиштүү органдарга экологиялык стандарттарды жана тоо-кен жаатындагы мыйзамдырдын нормаларын сактоого дайым көзөмөл жүргүзүп туруусун тапшырды.

Ошондой эле Кыргызстандын Премьер-министри «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын жардамы менен жабдылган дайым иштеп туруучу байкоо борборун ачуу жөнүндө айтты. “Алтын кенде унаа өтө көп санда экен. Буга байланыштуу иштен чыккан дөнгөлөктөрдүн капкактарын кайра иштетүү масалесин карап чыгыш керек. Аларды жөн гана ыргытып жибербестен, майдалап, асфальт-бетонун жасоого жумшоо натыйжалуу”-деп белгиледи Жантөрө Сатыбалдиев. Жыйындын акырында Өкмөт башчы “Кумтөр Оперейтинг Компани” компаниясынын жетекчилигине ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүктөрүн сатып алуусун кароону, Барскоон айылынын авто жолун Барскоон капчыгайынын биринчи көпүрөсүнө чейин оңдоп берүүсүн сунуштады. “Кумтөр” алтын кенине болгон сапарынын акырында Жантөрө Сатыбалдиев тоо-кенде иштешкен жумушчулардын профсоюз комитетинин жетекчилери менен жолугушту. Мында Өкмөт башчы профсоюздун лидерлеринен компания тарабынан каралган ишкана эмгекчилеринин иштөө шарты, айлык-акыларынын берилүү мөөнөттөрү жана социалдык гарантиялары тууралуу маалымат алды.

“Кумтөр Оперейтинг Комапани” компаниясынын жетекчилигине жана жумушчуларына кайрылып жатып, Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алтын кендин оперативдүү иш алып баруусундагы жаралган маселелерди талкулоого жана чечүүгө даяр экендигин, ишкана элге жумуш берүү менен стабилдүү иштеш керек экендигин айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү