12
Июнь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы аймактарды өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун берүүнүн жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди.
Премьер-министр КР Президенти 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоосунун алкагында кичи шаарларды жана айылдарды өнүктүрүү Өкмөттүн “Биримдик, ишеним, жана жаратмандык” программасында артыкчылыктуу багыттардын бири болуп аныкталганын баса белгиледи.
«Аймактарды өнүктүрүү үчүн 2022-жылга чейин региондорду тең салмактуу жана бирдей өнүктүрүү үчүн Концепция бекитилген, анын алкагында базалык түйүндөр катары 20 шаар тандалып алынган жана 10 шаар боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бизнес-пландары ишке ашырууга кабыл алынган», -деп билдирди ал.
Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2017-жылы 8,6 млрд сомго каржыланганын билдирди. 2017-жылдын ичинде эле 76 билим берүү мекемелери салынды. 18 мектеп, 6 жаңы медициналык мекеме курулуп, 4 оорукана ремонттон өткөрүлдү. Автожолдорду курууга жана оңдоого 4,4 млрд сом бөлүнүп, 345 км жол асфальттанды.
«Ирригацияны өнүктүрүүгө 2017-жылы 550 млн сом каражат каралып, 1085 га жер суу менен камсыз болду, кошумча 500 га жаңы сугат жер жаралып, 100 га тамчылатып сугарууга кошулганын ырастады. Мындан тышкары, «Айыл чарбаны каржылоо – 5» долбоору ишке ашырылды, анын алкагында 15 миң товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилген. Муну менен бирге экспортко багытталган ишканаларды колдоонун 1-фазасы ишке ашырылып, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,2 млрд сомго 93 долбоор каржыланды», - деди Өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик лизинг долбоору боюнча 530 млн сомдун тегерегиндеги каражатка 363 даана ар кандай айыл чарба техникасы лизингге берилгенин кошумчалады.
«Бул 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча Программаны ишке ашыруунун алкагында 24 машина-трактордук станция ачууну шарттады. Мындан тышкары 2017-жылы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан 311 млн АКШ долларына 823 долбоор жактырылды», - деп баса көрсөттү Премьер-министр.
[su_carousel source="media: 118428,118427,118426,118425,118423" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү