14

Июнь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2017-жылы тышкы соодалык товар жүгүртүү 12,5%га жогорулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди.

«2017-жылы республиканын тышкы соодалык товар жүгүртүүсү 12,5%га жогорулады. Буга катар Евразиялык экономикалык аймактын өлкөлөрү менен товар жүгүртүү динамикасы өстү. Натыйжада, 2017-жылдын соңуна карата ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүнүн жогорулашы – 27%ды, ал эми үчүнчү өлкөлөргө карай экспорттун жогорулашы 8,6% түздү», - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымдагандай,  республикалык бюджеттин кирешеси 2016-жылга салыштырмалуу 16 % жогорулап, 135 млрд сомду түздү.

«Салыктык кирешелер 10,2 % өсүп, же 9,6 млрд сомго жогорулаган. Чыгымдарды оптималдаштыруу жана чектөө боюнча 2017-жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасында бюджет тартыштыгын ИДПка карата 3.3 % деңгээлде сактап калууга мүмкүндүк болду. Бюджеттин социалдык секторго чыгашасы бюджеттин жалпы чыгымынын 52 % ын, же 79 млрд сомду түзүп,  2016-жылга салыштырмалуу 6 млрд сомго, же 8% жогорулады», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт башчы билдиргендей, пенсиянын орточо өлчөмү 6,4 %га өсүп, 5412 сомду түздү. Мында пенсиянын базалык бөлүгү 280 сомго жогорулап, 1780 сом өлчөмүндө түзүлдү. Өлкө боюнча орточо айлык акы 6,7 %га өскөн, же 2016-жылы 14,4 миң сом болсо, 2017-жылы 15,4 миң сомго дейре жогорулаган. Бюджет эсебинен жөлөкпулдарды төлөөгө 5,7 млрд сомдон ашуун каржыланган, бул 2016-жылга салыштырганда 300 млн сомго, же 6%га жогору саналат.

 [su_carousel source="media: 118646,118671,118669,118668,118667" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү