25

Январь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2019-жыл – биз жасаган иштердин жыйынтыгын көрсөтө турган маанилүү жыл

2019-жыл – биз жасаган иштердин жыйынтыгын көрсөтө турган маанилүү жыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл өлкө үчүн оңой жыл болгон жок жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Мамлекет башчылар кеңешинин Саммити сыяктуу эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга толду.

«Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң динамикага ээ болду. ИДПнын көлөмү 557,1 млрд сомду түзүп, өсүү 3,5% камсыздалды. Өткөн жылы биз бир катар келечектүү жана маанилүү долбоорлорду ишке киргиздик. Алгачкы жолу мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо башталды. Экономиканы фискалдаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. «Кумтөр» ишканасынан ченемден жогору киреше алууга жетишилди. Ошону менен бирге жаңы ишканаларды киргизүү аркылуу атамекендик өнөр жайды келечектүү өнүктүрүү боюнча ири иштер башталды. «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму жана электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы ишке киргизилип жатат. Санариптештирүү ар бирибиз үчүн жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеткиликтүү болот. Жарандардын биометрикалык маалыматтары жана идентификациялык көрсөткүчтөрү реалдуу убакыт режиминде иштейт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле баса белгилегендей, өткөн жылы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу башталды, ал тууралуу акыркы жылдары көп сөз болуп, бирок жүзөгө ашыра албай келишкен.

«Аталган маанилүү долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоого, жолдордогу абалды жакшыртууга жана жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуга мүмкүндүк түзүлөт», - деп белгиледи Премьер-министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу, атап айтканда, инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бардык пландар аткарылган. Аймактарды каржылоону жогорулатуу жөнүндө маанилүү чечим кабыл алынган, ИДПдагы туризмдин үлүшү 5%га чейин жеткирилди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылга карата туруктуу өнүгүүнү камсыздоочу жана балансталган өлкө бюджети кабыл алынган.

«Биз үстүбүздөгү жылы алдыбызга маанилүү милдеттерди койдук. Сиздерге белгилүү болгондой, Президент Сооронбай Жээнбековдун чечимине байланыштуу ишибиздин негизги багыты катары аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат. Белгилей кетсем, 2019-жыл биз аркылуу жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгын көрсөтүүчү маанилүү жылдардан болот. Буга байланыштуу жалпыңыздарды ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 128557,128558,128559,128560,128561,128562" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү