12
Ноябрь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2019-жылы ИДП реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда
«2019-жылы ИДП реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда, ал экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалат», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө.
Комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.
Өкмөт башчы маалымдагандай, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП көлөмү 520,9 млрд сом суммасында болду, ал эми экономиканын реалдуу өсүү темпи 3,5 %дык болжолдуу көрсөткүчтө 4,6 %ды түздү.
«2018-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн башкы себеби – өлкөнүн макроэкономикалык болжолунун такталышы менен балансталган бюджеттин маселелерин чечүүгө жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы түзүлгөн тенденцияларга байланыштуу болду. Жаңыртылган 2018-жылдын бюджетинин негизинде ИДПнын көлөмү 558,4 млрд сомду түзүп, өсүш 2,8% менен бекитилип жатат. 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көптүк кылат. Администрациялоону жакшыртуунун эсебинен: салыктык кирешелерди 2,7 млрд сомго көбөйтүү болжолдонууда. Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши аймактарды өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өткөн жылы бюджетке кирбей калган бир катар социалдык жактан маанилүү жана актуалдуу иш-чараларды кошумча каржылоо зарылдыгы турат.
«Бюджетти баланстоо максатында мамлекеттик органдардын чыгашалары: алсак, товарларды сатып алуу, күнүмдүк чыгымдарды 4 млрд сомго оптималдаштырды. МИП чыгашалары – тышкы кредиттердин жана гранттардын эсебинен 14,9 млрд сомго кыскарды. Ошентип, 2018-жылы республикалык бюджеттин чыгымдары 157,2 млрд сомду түздү, же 3,9 млрд сомго кыскарды», - деди Өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, республика боюнча мектептерди интернет менен толук камсыз кылуу үчүн кошумча 150 млн сом бөлүнгөн.
Ошондой эле ветеринардык лабораторияларды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында ветеринардык контролдук пункттарды жабдууга 150 млн сом каралды. Фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жаңылоо үчүн 62 млн сом акча каражат бөлүндү (Баткен, Жалал-Абад шаарларына).
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлык акы, жөлөкпул, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр сыяктуу корголгон беренелери боюнча милдеттенмелери өз убагында толук көлөмдө каржыланат. Бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер 2018-жылдагы бюджеттин тартыштыгын ИДПга карата 2,7%га азайтууга мүмкүндүк берди. Акчалай чегерилишин алсак: дефицит 20,3 млрд сомдон 15,2 млрд сомго чейин азаят», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.
КыргызРеспубликасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 125602,125603,125604,125605,125606,125607,125608,125609,125610" link="attachment" title="no"][/su_carousel]