12
Октябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Афганистандын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Мухаммедкалый Абылгазиев афган коллегасы менен саламдашууда үстүбүздөгү жылдын октябрында парламенттик шайлоону жана келээрки жылы президенттик шайлоону өткөрүүгө ийгилик, ошондой эле өлкөгө жана афган элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
«Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, себеби мындай потенциал бар. Кыргыз Республикасы кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү чечимин жактырды жана жакын арада аталган комиссиянын жыйынын өткөрүү максатында аны түзүү келишимине кол коюуга даяр», - деди Премьер-министр.
Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла ар кыл тармактагы кыргыз-афган кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын билдирди.
«Мен алдыда өтчү кеңешме алкагындагы жолугушуубузга кубанычтамын, ал актуалдуу эл аралык жана аймактык, ошондой эле эки тараптуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүүсү үчүн чыгуудабыз», - деди ал.
Тараптар ошондой эле, Чоң жана Кичи Памирде жашап жаткан этностук кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын талкуулашты.
Жолугушуу Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.
[su_carousel source="media: 124271,124272,124273,124274" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү