27
Октябрь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча тармактык министрликтин ишин сындады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү боюнча ишин сынга алды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев күзгү талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымдады.
«Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун алдын ала жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын көпчүлүгүнүн кыйла жогорку түшүмдүүлүгү жетишилди. Белгиленген көрсөткүчтөр аба ырайынын кыйла ыңгайлуу шарттарына байланыштуу болуп саналат, бул кургакчылыкка жол бербөөнү шарттады жана айрым өсүмдүктөрдү өз убагында жана толук кандуу өстүрүүгө таасирин тийгизди», – деди ал.
Ал ошондой эле атамекендик дыйкандарга даректүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө айтып берди.
Сунушталган маалыматты угуп, Өкмөт башчы тармактык министрликтин айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча ишинин жетишсиздигин белгиледи.
Премьер-министр баса көрсөткөндөй, атамекендик экологиялык таза продукциянын көлөмүн өндүрүү маанилүү.
«Биз бүгүнкү күнү ички рыноктун керектөөлөрүн толук кандуу камсыздай албай жатабыз, чет өлкөлөргө продукцияларды экспорттоо тууралуу айтпай эле коёлу. Жеңилдетилген насыялар берилип, гранттар багытталууда, бюджеттик каражаттар бөлүнүүдө, бирок силер айыл чарбасын натыйжалуу өнүктүрүүнүн комплекстүү механизмдерин эмдигиче таба албай жатасыңар», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, айыл чарбасын өнүктүрүүсүз өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү мүмкүн эмес.
Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине тармактагы натыйжалар үчүн анын жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет эскертти жана республиканын агрардык тармагын өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 125117,125118,125087,125090" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
КыргызРеспубликасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү