17

Март

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2002-жылы Аксы окуясы учурунда курман болгондорду эскерди.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган Монументке гүлчамбар койду.

Курман болгондор эскерилип, куран окутулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 130456,130457,130459,130460,130461,130462" link="image" title="no"]