31
Январь
2019
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралда Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.
Жыйындын жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары талкууланат.
Мындан тышкары ЕӨАК кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү