20
Сентябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, өлкө ишкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Ишкерлеринин күнү менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:«Урматтуу ишкерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Ишкерлер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Ишкердик өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө, өндүрүштүн, салыктын көлөмүн жогорулатууга, элди иш менен камсыздоого зор таасирин тийгизип келет. Кыргызстандын ишкерлери экономикалык реформалардын авангарды болуп келишкен жана кала берет деп ишенемин.
Акыркы жылдары мамлекет тараптан ишкердикти колдоого бир топ аракеттер көрүлүүдө: административдик, фискалдык жөнгө салуулар кыскарууда, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгү жогорулоодо, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жетишүү үчүн бизнес менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүлүүдө.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү, бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, инвестицияларды тартуу, тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттин чарбалык иштерге кийлигишүүсүн төмөндөтүү саясаты каралган. Мекенибиздин өнүгүп-өркүндөшү үчүн ишкерлерден дайыма жигердүү долбоорлорду күтөбүз.
Өздөрүнүн жеке демилгеси менен аракеттенип, жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндө өздөрүн көрсөтүп келишкен бардык ишкер жарандарыбызга Өкмөттүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Экономикабызды алга жылдырууда локомотив катары зор салым кошуп жаткан ишкерлердин эмгеги жогору бааланууга тийиш.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, жаңы долбоорлор менен идеяларды ишке ашырууда жана бизнести өркүндөтүүдө чоң ийгиликтерди жана жаратмандыктарды каалайм!».
[su_carousel source="media: 122772" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 122400,122401,122402,122403,122404,122405,122406,122407,122408" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү