15

Ноябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу фермерлер, дыйкандар жана айыл чарба тармагынын ардагерлери!

Баарыңыздарды айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Республиканын айыл чарбасы өзүнүн бай тарыхына ээ. СССРдин курамында Кыргызстандын  айыл чарбасы жогорку деңгээлде өнүгүп, негизги тармактардын бири болгон. Эгшемендүүлүк жылдары жүргүзүлгөн агрардык жана жер реформасынан кийин дыйкан (фермер) чарбалары, айыл чарба кооперативдери, акционердик коомдор жана коллективдүү дыйкан чарбалары түзүлгөн.

Айыл чарба тармагынын эмгекчилери дүйнөлүк тажрыйбаларды үйрөнүүгө, илимий-техникалык жаңы технологияларды киргизүүгө аракеттерди жасап жатат. Республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун үстүндө иштеп, өлкө экономикасына салымдарын кошууда.

Жаратылыш-климаттык шарттардын көпчүлүк убактарда оор болгондугуна жана керектүү ресурстардын жетишпей жаткандыгына карабай биздин айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүбүз жыл сайын республиканын калкы үчүн продукциялардын көп түрүн толук кандуу камсыз кылууга аракет жасап жаткандыгы үчүн фермерлерге, дыйкандарга жана кайра иштетүү ишканаларынын жумушчуларына ыраазычылык билдиребиз.

Ошону менен бирге өлкөдө акыркы жылдары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекет тарабынан жакшы колдоолор көрсөтүлө баштады. Учурда жеңилдетилген насыялар, лизинге берилген айыл чарба техникалары жана товардык насыя катары берилген үрөндөр – чарбалык көрсөткүчтөрдү көтөрүүгө жана жалпы айыл калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга жардам берүүдө. Мамлекет келечекте айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоосун уланта берет.

Дыйкандарыбыз жана фермерлерибиз өздөрүнүн ак эмгеги, кажыбас күжүрмөндүгү менен өлкөнүн айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өздөрүнүн салымын мындан ары да кошо берет деп ишенебиз.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм.  Маңдай тер, ак эмгек, адал мээнетиңиздерден береке табыңыздар! Кырманыбыз данга, өрүшүбүз малга, дасторконубуз нанга толсун!».

[su_carousel source="media: 125851" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү