04

Июнь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды.

Эркинбек Чодуев Өкмөт башчыга ведомствонун кыска жана орто мөөнөткө карата негизги иш багыттары тууралуу маалымдады.

Жолугушуу учурунда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү, агрардык тармакты өнүктүрүү келечеги, ошондой эле айыл чарба чөйрөсүндө атамекендик илимий институттар менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев заманбап технологияларды колдонуу, ошондой эле продукцияларын экспорттоочу өндүрүүчүлөрдү колдоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы Эркинбек Чодуевге министрликке анын талапкерлигин бекитүү учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын даярдоону тапшырды.

 [su_carousel source="media: 133769,133768,133770" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү