24

Май

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү