10
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан өлкөбүздүн банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
1993-жылы Кыргызстанда улуттук валютабыздын – сомдун кириши мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн бекиткен символдордун бири катары өлкөбүзгө чоң кубаныч тартуулаган. Кыргыз сому ошол учурдан бери туруктуу валюталардын бири катары өзүн көрсөтүп, өлкөнүн финансылык саясатын өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түздү.
Мамлекетибиз борбордук банк секторунан баштап ар түрдүү жеке менчик түрүндөгү кредиттик уюмдардан турган атаандашууга жөндөмдүү банк системасына чейинки ири жана татаал жолду башынан өткөрдү.
Банк системасы кыйла ачык-айкын болуп, көпчүлүк финансы-кредиттик уюмдар азыркы учурдагы бизнеске карата жооптуу мамиле кылуунун үлгүсү катары алынышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу, доллардын кыргыз экономикасына тийгизген таасирин кыскартуу боюнча бир катар аракеттерди көрүп жатат.
Урматтуу банк кызматкерлери!
Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге жаратмандык ийгиликтерди каалайбыз. Эгемендүү Кыргызстаныбызга финансылык туруктуулукту, бакубаттуулукту, бизнестин өнүгүүсүн жана профессионалдык өсүүнү каалайбыз”.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана
ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү