14

Март

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Башкы милдеттердин бири – бул 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын жана 2019-жылга карата Өкмөттүн Программасынын чараларын сапаттуу атка

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылдагы иштин жыйынтыктарын чыгаруу мезгили аяктады, бардык мамлекеттик органдарда жыйынтыктоочу коллегиялар өттү, февралдын соңунда Өкмөттүн жыйынында 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктарына баа берилди.

«Жыл оңой болгон жок. Дүйнөлүк экономикада атаандаштык процесстеринин күч алышынын өңүтүнөн алганда экономикалык өсүү темпин 3,5% деңгээлинде сактоого, улуттук валюта – кыргыз сомунун туруктуулугуна, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык милдеттемелерди толук көлөмдө камсыздоого жетишилди», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен катар Премьер-министр өткөн жылы иш жүргүзүлбөй калган маанилүү милдеттерге көңүл бурдурду.

«Биринчи кезекте бул түз инвестициялардын агымы жана атамекендик товарларынын жана айыл чарба продукцияларынын экспорту үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Менин көз карашымда министрликтердин жана ведомстволордун ишин натыйжалуу координациялоо, ошондой эле атамекендик товарларды ЕАЭБ рыногунда илгерилетүү маселелери боюнча бизнес менен таасирдүү өз ара аракеттенүү жок. Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук маселелери чечилген эмес. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаңы долбоорлорун жана инвестициялык лотторду киргизүү созулду, булар тууралуу биз биринчи жылы айтып жаткан жокпуз. Кен иштетүү чөйрөсүндө катачылыктарды оңдоо, айрыкча уруксат берүү жана лицензиялык келишимдерди аткаруу боюнча көп иштерди жасоо керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо жана программалык бюджеттик каржылоого толук кандуу өтүү боюнча иштердин жыйынтыгы канааттандырарлык эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылы Өкмөттүн алдында дагы кыйла татаал жана масштабдуу милдеттер турат жана бул максаттарга жетүү иштери максималдуу натыйжалуу координацияны жана так аткаруучулук дисциплинаны талап кылат.

«Башкы милдет – бул 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын жана 2019-жылга карата Өкмөттүн Программасынын чараларын сапаттуу аткаруу болуп саналат. Негизги артыкчылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында белгиленген – бул аймактарды комплекстүү өнүктүрүү, экономиканы жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү. Ошону менен бирге ЕАЭБ алкагында экспортту көбөйтүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө басым коюлушу шарт» - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 130265,130263,130264" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү