08
Декабрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз дени сак, руху күчтүү, эмгекти жана мекенин сүйгөн жаш муунду тарбиялоого тийишпиз
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында жаңы спорт залдын ачылыш салтанатына катышты.
Жергиликтүү жашоочуларды бул кубанычтуу окуя менен куттуктап, Өкмөт башчы эскерткендей, Президент тарабынан 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган.
«Аймактарды өнүктүрүүсүз мамлекеттин өнүгүүсү мүмкүн эмес. Өкмөт аймактарда калктын жашоосун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Жаштарга эч жакка кетүүгө туура келбейт. Көптөр бир жыл ичинде эч нерсе жасалган жок деп ойлоп жатышат, бирок силер бул кыска мөөнөттүү программа экенин – келечекте анын жыйынтыгы сөзсүз болорун түшүнүүңүздөр зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр кошумчалагандай, бир дагы бала сапаттуу билим берүүсүз, билимсиз калбашы үчүн республика боюнча бала бакчаларды, мектептерди ачуу – Өкмөттүн башкы максаттарынын бири болуп саналат.
Мындан тышкары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, энергетика тармагын өнүктүрүү, айылдарды таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү жана башка маселелер кыйла маанилүү болуп эсептелет.
«Мен бүгүнкү биз ачып жаткан спорт зал шаардагылардан эч кем калбаганына кубанып турам. Спортту өнүктүрүү – бул дени сак улут, ал эми улуттун саламаттыгы – бул кубаттуу өлкөнүн белгиси. Биз дени сак, руху күчтүү, эмгекти жана өздөрү жашаган мекенин сүйгөн жаш муунду тарбиялоого тийишпиз. Ошондо биздин Кыргызстан гүлдөп өнүгөт», - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Премьер-министр сөзүнүн жыйынтыгында спорт залга керектөөлөрдү алуу үчүн 50 миң сомдук сертификат тапшырды.
[su_carousel source="media: 126731,126732,126733,126734,126735" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү