13
Ноябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз жол коопсуздугун камсыздоо тутумун сапаттуу реформалоого жетишүүбүз керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүнүн ишин күчтөндүрүүгө жана реформалоого багытталган иш-чараларга даярдык көрүү жана аны ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жактырылган Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалоо боюнча стратегияны бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча пландар талкууланды. Анын натыйжасында, Бишкек шаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда.
Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сунушталган чаралардын негизги элементтери тууралуу айтып беришти, анда кадрдык курамдын кескин жаңыртылышы, функционалдык милдеттенмелердин өзгөрүүсү, ачык сынак жыйынтыгы боюнча тандалып алынып, тийиштүү даярдыктан өткөрүлчү Кайгуул милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулатылышы каралган.
Ошондой эле кеңешмеде Кайгуул милициясынын түзүмдөрүн кызматтык унаа, атайын техника менен камсыздоо, формалуу кийим берүү жана атайын техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн каржылоо зарылдыгына байланыштуу маселелер каралды. Бул жаңы киргизүүлөр «Коопсуз шаар» долбооруна үндөш жана анын талаптарына дал келет.
«Бүгүнкү күндөгү кырдаал таасирдүү чараларды кабыл алууну талап кылат – биз түзүмдүк бөлүктөрдүн жалпы ишин сапаттуу реформалоого жана жол кыймылынын гана эмес, коомдук коопсуздукту камсыздоого жетишүүбүз зарыл. Милиция өзүнүн башкы кызматтык милдеттерин аткарууда жарандарыбыз тарабынан көбүнесе негиздүү сынга жана жемелөөгө кабылып келет. Натыйжалуу ишти камсыздоо жана коррупцияны иш жүзүндө азайтуу аркылуу гана жарандардын милицияга ишенимин кайтарууга болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын түзүмдөрүнүн ишин реформалоо жана күчтөндүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү, ошондой эле каржылоонун бардык зарыл булактарын караштырууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 125649,125648,125647,125646" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125646,125647,125648,125649" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү