23

Март

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышына катышуу үчүн Эр-Риядга келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышуу үчүн Эр-Рияд (Сауд Аравия Королдугу) шаарына келди.

 Халид атындагы эл аралык аэропорттон Өкмөт башчыны Эр-Рияд шаарынын губернатору ханзаада Фейсал бин Бандар бин Абдель Азиз жана САК айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль Фадли тосуп алышты. Премьер-министрдин Сауд Аравия жетекчилиги менен бир катар эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө. «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышы 23-мартта өтөт. [su_carousel source="media: 130743,130744,130745" limit="66" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]    

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү