10

Июнь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ч. Айтматовдун кабырына гүл койду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-июнда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюу аземине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Куран окутулду. Гүл коюу аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери, жазуучунун үй-бүлөсү жана туугандары катышты. Белгилесек, 2008-жылдын дал ушул күнү кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Ч.Т. Айтматов дүйнө салган. [su_carousel source="media: 118323,118324,118325,118326,118327,118328,118329,118330,118331,118332,118333,118334,118335" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү