19
Октябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты.
«Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖЧКсы шифер, ар-кыл диаметрдеги цемент түтүктөрүн, фасаддык материалдарды жана цемент-кум черепицасын өндүрүүгө адистештирилген.
Өкмөт башчыга учурда тармак боюнча өнөр-жай продукциясын чыгаруунун жалпы көлөмүндөгү ишкана продукциясынын салыштырма салмагы болжол менен 7%ды түзөөрү тууралуу маалымат берилди. Завод жетекчисинин маалыматы боюнча, ал жаңы италиялык жабдуу менен жабдылган, бул ага Борбор-Азия аймагындагы бирден-бир атаандаштыкка жөндөмдүү ишканалардан болуусуна өбөлгө түзөт.
Ишкана 330 ашуун адамды жумушчу орун менен камсыздаган. Жылына болжолдуу түрдө 100 млн сом өлчөмүндөгү салык жана социалдык төлөмдөр төлөнөт.
Ишкананы кыдыруу учурунда белгиленгендей, 2014-жылдан тарта мында жаңы өндүрүштүк линияларды сатып алуу жана ишке киргизүү жолу аркылуу модернизация жүргүзүлүп, продукциянын ассортименти кеңейтилүүдө. Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоо жүргүзүлүүдө.
Премьер-министр өндүрүштүк процесс жана ишкана чыгарган продукция менен таанышты. Ал өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн заманбап технолгияларды ишке киргизүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.
Мухаммедкалый Абылгазиев аймактардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында экспортко багытталган ишканаларга колдон келген көмөктү көрсөтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.
Мындан тышкары, Өкмөт башчы «Кант нан заводу» нан азыктарын чыгаруу боюнча ишкананы көрүп чыкты. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу болжол менен жылына 300 тоннаны түзөт.
[su_carousel source="media: 124563,124564,124571,124570,124569,124568,124567,124566,124565,124572,124573,124574,124575,124577,124576,124578" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү