09
Октябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Кыдыруу учурунда Өкмөт башчы жаңы мектептин курулуш долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону камсыздоосун жана курулуш иштеринин сапатына өзгөчө басым коюуну тапшырды.
[su_carousel source="media: 124171,124174,124173" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү