28
Май
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын күнү менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:
Урматтуу чек арачылар!
Кадырлуу ардагерлер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Чек арачылар күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.
Быйыл Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнө
20 жыл толуп олтурат.
Тарыхый ченем менен алганда бул аралык анча деле көп убакыт эмес. Бирок биз мамлекетибиздин жаңырган чек ара кызматынын калыптандыра алды.
Өзүнүн бүт тарыхында чек арачылар душмандарды биринчилерден болуп каршы алып, Мекен чегин көздүн карегиндей сактап, аскердик антка жана кызматка берилгендиги менен далилдеди. Ар-намыс жана кадыр-барк, майтарылбас эрк жана ыйык милдетке жан-дили менен берилүү, жанын курмандыкка чалууга даяр туруу чек арачылардын айырмаланып турган сапаттарынан.
Мезгилдин жана мекендин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктарга жооп берүү менен, өлкөнүн чек арачылары эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, терроризм коркунучтарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы аракеттүү боюнча маанилүү милдеттерди чечип жатат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда ыйык милдетин аткарууда, чек арачылар мындан ары да күжүрмөн даярдыктар чеберчилигин жакшыртып, иш жүзүндө элибизге жана Ата Мекенге берилгендигин далилдейт деп терең ишеничтебиз.
Өзүнүн ак ниет иштери менен мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн бекемдеп, анын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоп келген чек ара аскерлеринин ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.
Ошону менен бирге аскердик кызматтын татаалдыгына карабастан, чек арачыларга ишенимдүү таяныч, үй-бүлөлүк очоктун куту болуп келген алардын үй-бүлөлөрү терең ыраазычылыкка татыктуу. Ысык-суукта, кубаныч-кайгыда дайыма жанында болгонуңуздар үчүн чоң рахмат.
Ушул жаркыраган майрам күнүндө Сиздерге бекем ден соолук, ишиңерге ийгилик, Мекен үчүн кызматыңыздарга ийгилик каалаймын!
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү