09
Сентябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары дүйнө жүзүндө болуп жаткан карама-каршылыктарга карабастан, жер планетасынын элдери биримдикке жана жаратмандыкка умтулаар
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо орун алган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.
Төмөндө Өкмөт башчынын сөзүнүн текстин келтиребиз:
«Кутмандуу кечиңиздер менен,
Урматтуу Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана
ардактуу коноктор!
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Уважаемые участники и гости Всемирных Игр Кочевников!
Distinguished guests!
Dear ladies and gentlemen!
Кадырман кыргыз эли!
Сөзүмдүн алдында баарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ысык саламын жолдоп коюуга уруксат этиңиздер.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жана конокторуна бекем ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди, жашооңуздарга бакубатчылык каалап, Ала-Тоо кыргыз жергеси, кереметтүү Ысык-Көлү дайыма сиздерди күтөрүн билдирет.
Бүгүн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары аяктап, Сиздер менен коштошуп жатканыбызга бир аз ичибиз ачышып турат.
Ошол эле мезгилде Үчүнчү Көчмөндөр оюндары өзүнүн мааниси жана масштабдуулугу жагынан тарыхка калгандыгына, меймандос кыргыз эли Жер шарынын бардык булуң-бурчтарынан ишенимдүү жана чыныгы досторду тапкандыгына чын дилибиз менен кубанычтабыз.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан карама-каршылыктарга карабастан, Жер планетасынын элдерин биримдикке жана жаратмандыкка чакырды.
Дал мына ушундай иш-чараларда элдердин улутуна, динине, социалдык тегине карабастан, гуманизм, эркиндик жана руханий өнүгүү сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон умтулуусу жана мүдөөсү ачык көрүнөрүн Оюндардын катышуучулары жана коноктору чын дили менен белгилеп кетишти.
Маданият, көркөм өнөр жана спорт – бул саясаттан тышкары өз жолунда элдердин ортосундагы тынчтыктын жана тилектештиктин кубаттуу инструменти.
Жылдан жылга Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайып, өтө популярдуу болуп баратат: 2014-жылы бул оюндарга 7 өлкө гана катышса, быйыл бардык континенттерден 74 өлкө катышып, 10 эсеге өстү. Улуттук спорттун түрү 37ге жетти.
Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3 миңге жакын спортчулардын жана катышуучулардын башын бириктирди.
Демек, дүйнө элдери өзүнүн нукура салтын жана улуттук оюндарын таза сактап, бүт дүйнөгө мурунку калыбында тааныткысы келет.
Көчмөндөр оюндарынын эң чоң баалуулугу жана маңызы мына ушунда турат.
Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн бул уникалдуу долбоор дүйнө элдеринин өткөн ата-бабаларына көрсөткөн бийик урмат-сыйы экендигин баса белгилеп кетем.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында дагы бир катар ири иш-чаралар өткөрүлдү.
Абройлуу эл аралык илимий уюмдардын бири болгон Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференциянын “Элдик оюндар жана ага байланыштуу алтай дүйнөсүндөгү каада-салттар” аттуу отуруму өттү.
Ага 16 мамлекеттен 160 илимпоз катышты.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммитинин өтүшү жылдын олуттуу окуяларынын бири болду.
Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан Президенттери жана Венгриянын Премьер-министринин Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышканы бул оюндардын мартабасын жогорулатты.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Кыргызстанда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарын 778 ата мекендик, 58 чет өлкөдөн 550дөн ашык массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырып турушту.
Булардын арасынан БиБиСи радиосун, Нью-Йорк таймс агенттигин, СиСиТВ кытай телеканалын, Абу-Даби медиасын, Ал-Жазира прессин, ТАСС, Интерфакс, Анадолу кабар агенттиктерин, Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадио компаниясын, “Мир”, “Хабар” каналдарын, Дүйнөлүк улуттук географиялык коомун, Канада, Нидерландия массалык-маалымат каражаттарын атоого болот.
Оюндар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө, Балтикада, Грузияда, Францияда, Германияда жана Японияда кеңири жана түз берилип жатты.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндардын мелдештери менен кат
ар этнографиялык маданий иш-чаралар да жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп кетким келет.
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөрдүн алтын доору” аталышындагы этно шаарча 150 миңден ашык конокторду өзүнүн кучагына батырды.
13 ордо болуп каз-катар тигилген боз үйлөрүбүз майрамды шаңга бөлөдү. Ордолордо коюлган элдик буюмдар, айрыкча алардын абдан көөнөлүгү, азыр да аларды колдонуп, иш жасалып жаткандыгы конокторду да, бизди да таң калтырды.
Кыргыздар дүйнөгө байыркылыкты сактаган эл катары таанылды.
Ошондой эле Ноомад амфитеатрында өткөн “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалында бүт континенттерде жашаган ар бир элдин маданияты – өзгөчө уникалдуу жана улуу экендиги даңазаланды.
Байыртан кыргыз эли сөз багып, сөз кадырлап, сөз менен эл достугун чыңдап келген. Муну акындардын айтышы дагы бир жолу тастыктады.
Кырчын жайлоосундагы иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун барышы элибизге – бардык катышуучуларга зор күч, дем берип, маанайын көтөрдү.
Урматтуу мекендештер!
Жалпы элдин Сиздердин колдооңуздар менен кыргыздар дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын абдан жогору сыйлаган эл катары таанылдык.
Айрыкча баарыбызды жарандарыбыздын меймандостугу жана патриоттуулугу суктандырды. Элдин пейилине рахмат!
Биздин элибиз бүгүн мындан дагы ири масштабдуу иш-чараларды өткөрө ала тургандыгын дүйнөгө далилдеди.
Жогорудагылар менен катар Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында бардык иш-чараларды өткөрүүгө катышкандарга, айрыкча ак элечек энелерге, ак сакалын жайкалткан аталарга, намыс үчүн тикесинен тик туруп жогорку уюшкандыкта өткөрүп жаткан уюштуруучулардын баарына, ошондой эле патриот демөөрчүлөргө жана ыктыярчыларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Уважаемые участники и гости!
Всемирные игры кочевников еще раз показали, что несмотря на все сложности и противоречия, современного мира, народы планеты стремятся к единству и созиданию.
Участники и гости Игр искренне говорили о том, что именно на таких международных мероприятиях независимо от национальной и религиозной принадлежности, социального происхождения, познаются чаяния и устремления людей к общечеловеческим ценностям: гуманизму, свободе и духовному развитию.
Мы искренне рады, что Всемирные игры кочевников стали связующим звеном для людей разных национальностей и конфессий. Главным стало и то, что гости и участники Игр с большим желанием познавали другие культуры.
Я уверен, что они увезут с собой на родину незабываемые яркие впечатления и эмоции о нашем Кыргызстане.
Игры кочевников стали мощным идеологическим стимулом для социально-экономического и духовного развития страны и единства кыргызского общества.
Кыргызский народ на своем историческом пути развития прошел через многие испытания, но несмотря на это сохранил такие высокие качества, как толерантность и великодушие. Эти качества нашего народа были продемонстрированы во время Игр.
Следующие IV Всемирные Игры кочевников пройдут в Турции. Эта страна имеет богатую культуру и насыщенную событиями многовековое историческое прошлое.
Мы желаем нашим турецким друзьям успешного проведения Игр.
Уважаемые друзья!
От имени Правительства Кыргызской Республики выражаю вам глубокую признательность и благодарность за участие во Всемирных Играх кочевников и желаю вам здоровья, успехов и всех наилучших благ в жизни. Кыргызстан всегда открыт для наших друзей.
Dear friends!
Once again, the World Nomad Games demonstrated that, despite to all complexities and contradictions that exist in the world today, the nations eager for unity.
The historical development of the Kyrgyz nation was subject to all tests of time, despite this, it retained tolerance and generosity. We hope that we were able to demonstrate these qualities during the World Nomad Games.
On behalf of the Government of the Kyrgyz Republic, I have the honor to express my deep gratitude for your participation in the Nomad Games and wish you a good health, success and all the best in your life.
Kyrgyzstan will always be open to you. And will wait for you.
Урматтуу достор!
Кереметтүү кыргыз жергесине келип, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр ою
ндарына катышып бергениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем.
Алган байгеңиздер өзүңүздөргө кут болсун.
Кереметтүү жерибизде тынчтык жана бакубатчылык, кең пейил элибизде биримдик болсун.
Көчмөндөрдүн рух биримдиги, күч биримдиги түбөлүккө сакталсын.
Дорогие участники и гости!
Объявляем Третьи Всемирные игры кочевников закрытыми!
Dear friends!
The World Nomad Games is officially closed!
Урматтуу катышуучулар жана коноктор!
Ушуну менен Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жабык деп жарыяланат!».
[su_carousel source="media: 122245,122246,122247,122248,122249,122250,122251,122252" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]