29
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык зарыл аракеттерди жасоого тийишпиз
«Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык зарыл аракеттерди жасоого тийишпиз», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында сөз сүйлөп жатып.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоого даярдыгы маселеси абдан олуттуу жана чечимди талап кылат.
«Маалыматтарга ылайык, өлкөнүн 180 миң жараны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болуп саналышат, алардын ичинде 30 миңи – 18 жашка чейинки балдар. Алардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бул процессти ар бир жолу кечеңдеткен шылтоолорду ойлоп таба бербестен, тийиштүү өбөлгөлөрдү түзүү керек. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо эл аралык коомчулуктун гана эмес, биздин жарандардын алдындагы милдетибиз болуп саналат. Өкмөттүн милдети – социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандарды коргоо. Ошондо гана мамлекет кубаттуу болуп эсептелет», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр кошумчалагандай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөнүн, саламаттык сактоо жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо, алардын ар биринин бардык мүмкүндүктөр жана укуктар менен толук кандуу колдоно алуусу маанилүү болуп саналат.
[su_carousel source="media: 121864,121865,121862" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү