25

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттукады.   Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:  

Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.   Туура 20 жыл мурун 24-октябрда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган. Бул майрам өлкөбүздүн тышкы саясатындагы жана тышкы экономикалык багытындагы максаттарды жүзөгө ашырууда дипломатиялык кызматтын маанилүү ролун баса белгилөө үчүн аныкталган. Бүгүн дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөрдө, экономикалык процесстерде, коопсуздук маселесинде Сиздердин ыкчам чара көрө билишиңиздер абдан зарыл жана маанилүү.  

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 27 жыл толду. Чейрек кылымдын ичинде өлкөбүз дүйнөлүк аренадан өз аброюн тапты. Башкысы, баарыбыз мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз. Быйыл Кыргыз Республикасынын демилгеси менен өлкөбүздө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда ар түрдүү масштабдагы эл аралык иш-чаралар уюштурулду жана өткөрүлүп жатат.   Атап айтсак, кыргыз элинин залкар жазуучусу, даанышман инсаны, мыкты дипломаты Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси бир гана Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзүндө салтанаттуу белгиленүүдө. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн туш тарабынан келген коноктордун жана спортчулардын катышуусу жана уюшкандыкта өтүүсү жагымдуу таасир калтырды. Мындан тышкары быйыл Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар өттү. Булардын бардыгы биздин дипломаттардын абдан активдүү катышуусу менен ийгиликтүү өткөнүн белгилеп кетким келет.  

Урматтуу дипломаттар!

  Биз алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн дагы чоң иштерди жасашыбыз керек. Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртуу, чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоо, чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен кызматташтыкты өркүндөтүү жана бекемдөө, мамлекетибиздин кадыр-баркын көтөрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдети экенин сезе билишибиз керек. Бул үчүн кыргыз дипломаттарынын жигердүү жана жан дили менен иштөөсү өтө зарыл экендигин белгилейм. Аталган максаттарга жетүүдө жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын коргоодо Сиздер талыкпастан, ак ниет жана чын жүрөктөн кызмат өтөйсүздөр деп ишенебиз. Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана ишиңиздерге жаратмандык ийгиликтерди каалаймын!».  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү