06

Июль

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев 6-7-июлда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын объекттеринин Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын текшерип, «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык  «Семеновка-Григорьевка» унаа жолунун курулушун карап чыгат жана  «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышат.

Муну менен бирге Премьер-министр 2018-жылдагы жайкы туристтик мезгилди уюштуруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрөт.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Суу районундагы дыйкан чарбанын ишмердиги, Каракол шаарынын ички жолдорунун жана Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, ошондой эле Жети-Өгүз районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү