30
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын отканаларында күн коллекторлорун колдонууну кеңейтүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын «Орто-Сай» жана «Ротор» отканаларындагы күн коллекторлорунун иши менен таанышты.
Өкмөт башчы отканаларды карап чыгып, суу жылытуу үчүн колдонулган күн коллекторлорунун иштөө принциптери менен таанышып чыкты.
Белгиленгендей, борбор калаадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана атмосферага тараган булгоочу заттардын бөлүнүшүн азайтуу максатында жаратылыш коргоо иш-чараларын тең каржылоого күн коллекторлорун орнотуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары бөлүнгөн.
Отканаларда орнотулган жалпак коллекторлор, конструкциялык жактан максималдуу жөнөкөй жана бекемдиги менен мүнөздөлөт, анын эксплуатациясынын мөөнөтү 25 жылга чейин жетет. Жалпак коллектордун иштөө принциби парник эффектисине негизделет. Абсорбердин үстүнкү бети күндүн энергиясын өзүнө жутуп алып, атайын жабдуунун натыйжасында, абсорбердин өзүнө алуу коэффициенти 95% чейин жетет. Анын негизинде жылуулукту өзүнө алуучу пластина ысып чогулган энергияны 90% чейин сактап, аны инфра-кызыл шоола түрүндө чыгарат. Ушундай жол менен коллектордун өзүндө күн энергиясын аккумуляциялоо ишке ашат. Андан кийин конструктивдик деталдардын жардамы менен жылуулук алып жүрүүчүгө берилет.
«Бишкек жылуулук энерго» КИ директору Алимбек Абдылдаев билдиргендей, суу жылытуу үчүн күн энергиясын колдонуунун негизги артыкчылыгы, жаратылыш газы, көмүр сыяктуу башка отундун түрлөрүнөн айырмасы кайра жаңылануусу, туруктуу, жеткиликтүү, экологиялык таза, үнсүз, үнөмдүүлүгү жана эксплуатациялык чыгымы төмөндүгүндө болуп саналат.
«Гелио орнотуулардын негизги артыкчылыгы эч кандай тейлөөнү жана ишкана тарабынан эксплуатациялоону талап кылбагандыгы. Мындай жол менен күн коллекторлорун колдонуу мезгилдик типтеги суу жылытуу үчүн да абдан келечектүү жана экономикалык жактан максаттуу болуп саналат», - деди Алимбек Абдылдаев.
Ал белгилегендей, иш-чаранын актуалдуулугун эске алуу менен, «Бишкек жылуулук энерго» КИнин башкармалыгынын аянтында 8 метр бийиктиктеги атайын курулган металл конструкцияга 0,11 га аянтка 364 панель гелио коллекторлору жана буга чейин көмүр менен иштеген «Орто-Сай» отканасында 120 коллектор орнотулуп бекитилди.
«Орто-Сай отканасы боюнча атмосфераны булгоочу заттар 0,1 тоннага азайтылды, жаратылыш газынын чыгымы 10 миң м3 азайып, 68 Гкал өндүрүлдү. Керектөөчүлөрдүн саны 908 киши. Бул - 16 көп батирлүү үйдүн жашоочулары жана 1 бала бакча. Учурда 63 көп батирлүү үй, 2 жатакана, 1 мектеп, 1 оорукананын 7425 адамдан турган ысык сууну керектөөчүлөрүнө «Ротор» отканасында кубаттуулугу 0,6 МВт күн гелио коллекторлорун орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Натыйжада атмосфераны булгоочу заттарды азайтуу жылына 236,8 тоннага, анын ичинен катуу бөлүкчөлөр жылына 29,4 тоннага, парник газдары жылына 150,5 тоннага болжолдонууда.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын колдонууну кеңейтүү маанилүү, бул борбор калаанын энергетика тутумунун отун-энергетикалык жана материалдык ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууну камсыздайт жана Бишкек шаарынын жана анын айланасындагы экологиялык кырдаалды жакшыртат.
Бул максаттарда Өкмөт башчы борбордун отканаларында күн энергиясынын потенциалын эске алуу менен күн коллекторлорун колдонууну кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 131337,131331,131332,131333,131334,131335,131336" limit="66" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү