01
Июнь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору заманбап жана таасирдүү медициналык борбор болушу керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, ага курулуп жаткан имаратты көрүп чыкты.
Кыдыруу учурунда Өкмөт башчыга маалымдалгандай, бул курулушу бүтө элек объект учурдагы оорукана комплексинин бөлүгү болгонуна карабастан, 2004-жылы Өкмөттүн чечими менен сатуу аркылуу мыйзамсыз менчиктештирилген.
Натыйжада узакка созулган соттук доолашуулардын жыйынтыгында объект Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайтарылып, курулушун улантууга жетишилди. Учурда 55 млн сомдук 20% курулуш иштери бүтө элек.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкүнүү менен белгилегендей, мурдагы жылдары жада калса балдар ооруканалары сыяктуу объекттер бийлик тарабынан ойлонулбай туруп жеке колдорго берилип кеткен.
«Бүгүнкү күнү мамлекет өнөктөштөр менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорукана комплексинин бул блогунун курулушун аяктоо үчүн каражаттарды табат. Биз аны балдарыбыз үчүн заманбап жана бардык зарыл медициналык техника менен жабдылган борборго айлантышыбыз керек. Анткени ар бир ата-эне үчүн балдарынын саламаттыгынан маанилүү эч нерсе жок эмеспи», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
[su_carousel source="media: 133718,133719,133720,133721,133722,133723" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү