01
Июнь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
Өкмөт башчы медициналык мекемеде дарыланып жаткан балдарды майрамы менен куттуктады.
«1-июнь – мээримге жана камкордукка, өзүнүн парзын жана жоопкерчилигин туюу сезимдерине жык толгон күн. Ал бүткүл адамзатын балдар укугун жана кызыкчылыгын коргоо, алардын саламаттык, билим берүү жана тарбия маселелерин чечүү - маанилүү маселелеринин айланасында бириктирет. Мамлекет ар бир баланын чоңдордун коргоосуна жана камкордугуна алынышы, бала өзүнүн жашоодогу ордун түшүнүп, сезе билиши, үй-бүлөдө жашап жана үй-бүлөлүк камкордукка алынышы үчүн шарттарды түзүүгө тийиш», - деди ал.
Премьер-министр белгилегендей, республикада балдардын жашоосу маңыздуу жана кызыктуу болушу үчүн көп иштер жасалууда.
«Шаарларда жана райондордо спорттук аянттар, ден соолук чыңдоочу комплекстер курулуп, жаңы бала бакчалар жана мектептер ачылып, балдарды коргоо жана социалдык коргоо институционалдык механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Үй-бүлөлөрдүн жашоо шартына карабастан, бала туулганда «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулу берилип жатат. Майыптуулугу бар балага кам көрүү – жеке ассистент кызмат көрсөтүүсү киргизилди. Ал балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калуусуна шарт түзөт. Аларга төлөм берүү маселеси чечилген», - деди ал.
Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, 2019-2020-жылдарга карата балдарга катуу мамиле жасоонун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча экстрендик чаралар Планы бекитилген.
«Биздин коом балдарга карата катаал зомбулук көрсөтүү, туура эмес жана кайдыгер мамиле фактыларына чыдап турбашы керек. Мен бардык мекендештеримди өсүп келе жаткан балдарга коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү маселесинде активдүү жарандык позиция көрсөтүүгө чакырам. Алардын алган билиминен, тарбиясынан, көргөн камкордук жана мээриминен алардын келечек жашоосу көз каранды. Биз алардын бактылуу балалыгын камсыз кылууга тийишпиз! Ар бир баланын бактылуу балалыгы – биздин колубузда. Биз чоңдор балдарыбыздын эсинде калган кооз, кайталангыс жана баа жеткис күндөр алардын келечектеги бакубат жашоосунун негизи болушуна жетишүүгө тийишпиз», - деп белгилеген Өкмөт башчы балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана жакшылыктарды каалады.
Премьер-министр дарылануудагы кичинекей бейтаптардын бөлмөлөрүн кыдырып, перинаталдык мезгил патологиясы бөлүмүнүн, бет-жаак ортодонтиялык реанимация бөлүмүнүн жана балдар хирургиясынын курулушу аяктай элек блогунун абалы менен таанышты.
Мухаммедкалый Абылгазиев мекеменин учурдагы маселелерин чечүү үчүн 300 миң сомго сертификат берип, кардиохирургиялык блоктун курулушун аяктоо жана аны тиешелүү жабдыктар менен жабдуу үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.
Маалымдама: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 579 орунга эсептелген. Жыл сайын борбордо бүтүндөй республикадан 75 миңге жакын бала амбулатордук дарылануудан жана текшерүүдөн өтөт, 27,5 миң бала стацонардык дарылануудан өтөт. Борбордо 1119 кызматкер иштейт.
2019-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн 37 млн сомго балдардын туубаса ооруларын аныктоо максатында неонаталдык скрининг үчүн иммундук анализаторлор сатып алынган.
Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык жаңы төрөлгөн ымыркайлары текшерилет. Жакынкы мезгилде ымыркайлардын неонаталдык скрининги менен Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтуу пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 133708,133709,133710,133711,133712,133713,133714" limit="16" link="image" title="no"]