15

Февраль

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕРӨБ Борбор Азия боюнча башкаруучу директору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Бруно Балванера менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө суу менен камсыздоо жана ирригация, транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү, ошондой эле жеке ишкерликти колдоого алуу жаатындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууга алынды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясы бекитилип, анда өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары аныкталган.

Премьер-министр ошондой эле өлкөнүн 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, макроэкономикалык туруктуулукту колдоо, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык абалды жакшыртуу  максатында Өкмөт тарабынан ишкердик субьектилерин текшерүүгө эки жылдык мораторий киргизилген.

Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин ишмердигине көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, Бизнес-омбудсмен институту түзүлгөн, буга катар чет элдик инвестицияларды тартуу жана экономикалык өнүгүү үчүн өлкө аймактарында да инвестициялык лоттор түзүлгөн.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында үстүбүздөгү жылы аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде суу менен камсыздоо жана ирригациялар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу улантылат. Ал ырастагандай, сугат суу маселесинин чечилиши айдоо жерлеринин абалынын жана анын аянтын жогорулатууга да жагымдуу таасирин тийгизет.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүү жер-жерлерде ишкердикти активдештирүүгө, ички миграцияны кыскартууга жана кошумча жумушчу орундарды түзүүгө шарт түзөт.

Өкмөт башчы ЕРӨБ тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оңдуу таасирин тийгизээрин баса белгиледи.

Өз кезегинде ЕРӨБ Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Бруно Балванера өлкөдөгү бизнес-омбудсмен институтун өнүктүрүүгө, ошондой эле инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча реформа жүргүзүүдөгү Өкмөттүн башка демилгелерин колдоого алууга, чакан шаарлардын муниципалдык жана инфраструктуралык кызматтарын бекемдөөгө, жеке ишканаларды жана жергиликтүү финансы мекемелерин өнүктүрүүгө жана финансылык секторду күчтөндүрүүгө мындан ары карай көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу жана Кыргыз Республикасында ири инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана илгерилетүүгө ЕРӨБ тартуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, өлкөдө иш алып бара баштаган учурдан тарта ЕРӨБ ар кыл багыттагы 176 долбоорду ишке ашырган.

[su_carousel source="media: 129378,129379,129380" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү